КоомМаданият

Индиялык актерлор “Жамийланы” сахнага алып чыгышты

Нью-Дели шаарында Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести сахналаштырылды.

Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен билдиришкендей, режиссер Плабан Басу койгон спектакль 10-февралда “ShriRam Centreде” элге тартууланды.

Спектаклди Индиядагы “Bharat Rang Mahotsav” деп аталган 21-Эл аралык театр фестивалынын алкагында Калькутта шаарынын театралдык тобу даярдаган. Фестиваль ушул спектакль менен ачылды.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев актердук
курамга ыраазычылык билдирип, аларды Кыргызстанга гастролго барууга чакырды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button