Дүйнө

Индия TikTok жана ушул сыяктуу 59 тиркемеге чектөө киргизди

Индия 59 тиркемени колдонууга тыюу салды. Алардын ичинде TikTok менен бирге Кытайга таандык делген CamScanner, Share it, Wechat, UC scanner, Xender жана Clean-master да бар.

Бул тууралуу Индиянын Байланыш, электроника жана маалымат технологиялары министрлигинен кабарлашты.

Өлкө бийлиги тиркемелер жаштар арасында адепсиздикти жайылтып жатат жана маалыматтык коопсуздукка коркунуч келтиргенин жүйөө кылууда:

“Өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, бүтүндүгү, коопсуздугу, коргонуусуна коркунуч жараткан жана жаштар арасында жайылып жаткан адепсиздикке себеп болуп жаткан 59 тиркеме жана социалдык тармактарды чектөө чечимин кабыл алдык.”-деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кытайдын кибермейкиндик администрациясы TikTok социалдык тармагына санкция жарыялаган эле. Буга тармактын «адепсиз контенти» жана «коомдук баалуулуктардан четтетиши» себеп болгону маалымдалган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close