Дүйнө

Индия менен Кытайдын кагылышуусунан көп сандаган аскер каза тапты

ANI агентигинин маалыматына караганда Ладахдагы Галван коктусунда чыңалуу басаңдатылууга аракет кылынып жатканда Индия жана Кытай күчтөрүнүн ортосунда «катуу кагылышуу» болгону жана каза тапкандар бар экени маалымдалды.

Индиянын түндүк-чыгышындагы Ладах аймагында Кытай менен Индиянын аскер кызматкерлеринин ортосунда куралдуу кагылшуу  болуп Индиянын 20 аскери набыт болду.

ANI агентигинин маалыматына караганда  Ладахдагы Галван коктусунда чыңалуу басаңдатылууга аракет кылынып жатканда Индия жана Кытай күчтөрүнүн ортосунда «катуу кагылышуу» болгону жана каза тапкандар бар экени маалымдалды.

Индия өкмөт булактарынан алынган маалыматта 20 индус аскери каза болду. Бул акыркы 45 жылда эки өлкөнүн ортосунда болгон эң катуу кагылышуу экендиги билдирилди.

Ошондой эле ANI агенттигинин кабарына караганда Кытай тараптан 43төн көп аскер набыт болгону же жаракат алганын айтылып чыкты.

Индиянын Кытай чек арасындагы Ладах аймагын талашуудан келип чыккан чыңалуу 2017-жылы күчөгөн.

Кытай менен Индиянын чек арасындагы 3500 чакырымдык аралыктын көп жери талаш туудурууда.

Пекин бийлиги «Түштүк Тибет» деп атаган Индиянын Аруначал Прадеш провинциясындагы 90 миң чарчы чакырымдык аянтты талашып жатканда, Дели бийлиги Аксай Кытай платолорун камтыган  38 миң чарчы чакырымдык аянттын Кытай тарабынан басылып алынганын жактоодо.

Тараптар көп жылдарга созулган жолугушууларга карабастан эгемендүүлүк араздашууларын чече албай сөз болгон маселе акыркы убактарда Пекин-Жаңы дели багытында чыңалуунун барган сайын күчөшүнө себеп болгон.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close