БийликВидеоЖогорку КеңешСаясат
Маанилүү

Икрамов: Кудай буйруп, эл шайласа дагы депутат болобуз

Кудай буйруп, эл шайласа дагы депутат болобуз. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов парламенттин жыйында сүйлөп жатып билдирди.

“Бизге чейин канча деген депутат шайланып келген, кийин дагы депутаттар шайланат. Кудай буйруса, эл шайласа дагы депутат болобуз. Дайыма эле депутаттыкты, министрликти эч ким бизге байлап берген эмес. Ошондуктан VI чакырылыштын депутаттарын мен сунуштап жаткан мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырып кетет элем. Анткени, коррупция боюнча мыйзамда эч кандай толуктоолор каралган эмес экен”, – деди ал.

Тазабек Икрамов «Депутаттын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун 28-майда коомдук талкууга алып чыккан. Эгер анын бул мыйзам долбоору кабыл алынса, “коррупция” беренеси менен соттолгондор, ошондой эле алардын жакындары шайлоого талапкерлигин кое алышпайт.

Икрамовдун мындай сунушу 2-июнь күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда каралып, бирок колдоо тапкан эмес. Талкууда көпчүлүк эл өкүлдөрү жемкорлук боюнча соттолгондордун  жакындарынын да депутат болуу мүмкүнчүлүгүн алып салуу Конституцияга каршы келерин айтып чыгышкан болчу.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close