КоомМыйзам жана укук

ИИМ: Бишкектеги абал толугу менен көзөмөлдө

Өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук коопсуздукту Бишкек шаарынын комендатурасы, күч түзүмдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар көзөмөлдөп жататБул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери, аскерлер, ыктыярдуу элдик кошуундар борбор калаанын коопсуздугун сактоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Милиция кызматкерлери коменданттык саат учурунда кечки саат 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

«Бишкек шаардык комендатурасы эч кандай тартип бузууларга жол бербейт. Чагымчылдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу чаралар көрүлөт. Кооптонууга жана тынчсызданууга себеп жок. Учурда Бишкек шаары боюнча абал туруктуу. Эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге дуушар болсоңуз «102» кызматына кайрылууну суранабыз», – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button