Экономика
Маанилүү

Газдын баасы көтөрүлбөй турган болду

«Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калды. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү.

Мындай макулдашуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев сүйлөшкөндөн кийин жетишилген.

Сүйлөшүү учурунда Болот Абилдаев коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, мурдагы тарифти ордуна кайтарарын маалымдады. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром Кыргызстан» компаниясына социалдык жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы апрел айында калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаган. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баалардын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт