БийликӨкмөт

“Галстугуңар жок” деп сынга кабылган Акрам Мадумаров вице-премьерликке талапкер болууда

Бүгүн, Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк вице-премьерлик орунга Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлигин кароодо. Эске салсак, Жеңиш Разаков буга чейин вице-премьерлик кызматтан өз арызы менен бошотулган.

Белгилүү болгондой, вице-премьерлик кызматка талапкер Акрам Мадумаров, 1977-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 1999-жылы Кыргыз Агрардык университетин, 2013-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолун Жогорку окуу жайда мугалим болуудан баштаган. Бир катар кызматтык баскычтардан кийин, Акрамов 2013-жылы Кадамжай районунун акими, 2017-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары, андан соң Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, 2019-жылдан тарта өкмөттүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Бирок, Акрамов элдин эсинде Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин “галстугуңар жок” деп сындаганы менен көбүрөөк калды. Соцтармактарда жарыяланган видеодо Акрамов мугалимдерди:

“Бирөөңдун да галстугуң жок. Силер студенттерге  үлгү болушуңар керек” – деп зекиген.

Интернет колдонуучулары Акрамовдун дарегине “ушундай аз айлыкка иштеп берип жаткан мугалимдерге ыраазы болушуңар керек” деген сыяктуу сындарды айтышкан.

Булак
bars.media
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button