БийликӨкмөтПрезидент
Маанилүү

Галина Байтерек: “Жапаровдун атынан кол койгондор, анын атын жамынышы мүмкүн”

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек “Foreignlobby.com” басылмасы жазып чыккан маалыматка премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Бул тууралуу “azattyk.org” басылмасы маалымдады.

Байтерек Кыргызстандын кызыкчылыгын сүрөөнгө алуу тууралуу келишимге кол коюу болбогонун “Азаттыкка” айткан:

“Биздин мыйзамдарга ылайык мамлекет жеке тараптардын өз ара келишимдерин көзөмөлдөбөйт. Андыктан, мамлекет башчысы бул сыяктуу келишимге кол коюусу мүмкүн эмес. Ага кол койгондор Садыр Жапаровдун атына жамынышы мүмкүн. Башкача айтканда президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок”, – деди.

Ошондой эле Галина Байтерек бул сыяктуу маалыматтар алдыдагы президенттик шайлоону утурлай кайсы бир тарапты каралоо максатында атайын чыгарылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, “Foreignlobby.com” басылмасы «Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган.

Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкө мыйзам нугуна кайра кайтканын айтып келет. Бирок Орусия, Европа Биримдиги баштаган эл аралык институттар Кыргызстанга берилип жаткан насыяларды жана донордук жардамдарды убактылуу токтоткон. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядан жана Казакстандан каржылык жардам сурап атайын иш сапары менен барып келген.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт