АналитикаЖогорку Кеңеш

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай болот? Мисалдар менен

Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын "Маалыматты манипуляциялоо тууралуу" мыйзам долбоору14-майдан баштап коомдук талкууга чыгарылды. Эгер ал мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай болот? Эмне өзгөрүүлөр күтүлөт?

Аны социалдык тармактардын мисалында карап көрөлү.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса:

  • Мыйзамга ылайык, интернет сайтта же интернет баракчада чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланды деп сотсуз эле маалыматка чектөө коюлат.
  • Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кайсы бир текшерүүчү орган туура эмес маалымат берилген же манипуляция болгон деп интернет сайтты же социалдык тармактагы баракчаны блоктоп коюуга укугу бар.
  • Башкача айтканда, цензура киргизилет.
  • Соцтармактагы баракча блоктолот.
  • ЖМК блоктолот.
  • Тамаша блоктолот.
  • Кооптуу комментарий блоктолот
  • Бирөөнүн постун бөлүшсөң да, кооптуу деп табылса, блоктолот.

Фейсбук социалдык тармагынан колдонуучулардын аккаунтунан мисалдарды келтирели да, ага мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кайсы бир цензура уюму буга кандай чара көрмөктүгүн карап көрөлү.

Цензура: Азамат Касыбековдун «Ичкичтер министрлиги» деп жазганы үчүн аккаунту блоктолот жана өчүрүлөт. Себеби бул постто «Ички иштер министрлиги» деген мамлекеттик органды «Ичкичтер министрлиги» деп атап, ал мекемени туура эмес атап, шек келтирип жатат.

Цензура: Марс Черикчиевдин постундагы таластыктар тууралуу бул пикир аймактар аралык кастыкты козутту деп блоктолот.

Цензура: Нур Адилдин бул салыштыруусу мамлекеттик кызмат адамынын беделин түшүргөн пикир катары бааланат.


Цензура: Мелис Апсаматовдун тамашасынын саясий боёгу болгондугуна карабай, постту бөлүшкөн Жолдошбек Сыдыкович да, посттун ээсинин аккаунту да блоктолот,


ЦензураКанышай Мамыркулованын бул постунан Жогорку Кеңештин депутаттарынын кадыр-баркына доо келтирилди деп табылат.

Цензура: Нурсадык Ормонбаевдин бул посту»таза аба сатылып жатат» деп элди дүрбөлөңгө салгандыгы үчүн блоктолот.

Цензура: Жамиля Насирова «Азаттыктын» кабарын бөлүшкөндө «Шадиевди качып кеткиче, шалпайып карап отурган генпрокурор, Жогорку соттун төрайымы, Финполу, ИИМдин министри да отставкага кетсин! Көчүгүнө 3 млрд долларга жакын каражатты басып алган жемкор Шадиевдин качып кетишине жардам берген, «Ак тамдагы крышасы ким?» деп комментарийлегени үчүн блоктолот.

Цензура: Назгүл Мамытова депутатты «Такеша» деп теңтуш болуп пост жазганына байланыштуу аккаунту өчүрүлөт.

ЦензураСайттын бул материалын бөлүшкөндө мамлекеттик структуралардын ишине шек келтирип комментарийлегени үчүн Аскер Сакыбаеванын аккаунту блоктолот.

Цензура: Мурат Жетимишбаевдин постунда фразеологизм менен айтылган күмөндүү ой жатканы үчүн блоктолуп, жоопко тартылат.

Цензура: Күнболот Момоконовдун бул постундагы «Бир ууч топ элдин ырыскысын жеп бүтө турган болду. Пыркыратура» деп жазганы үчүн аккаунту блоктолуп, өзү жоопкерчиликке тартылат.

Цензура: Аманбол Бабакулов Тынчтык Алтымышевдин постун бөлүшүп, алдын ала Асылбаеванын мыйзам долбоору өтпөйт деп депутаттардын чечимине таасир берип, алардын башын айландырганы үчүн жана Тынчтык Алтымышев ал постту жазып, башкаларды өзүнүн посту менен кызыктырып, бөлүшүүгө шарт төзгөнү үчүн аккаунту блоктолот.

Цензура: Депутат кокусунан жаңылып калса, аны шылдыңга алганы үчүн Нурия Кийизбаеванын аккаунту өчүрүлүп, Тазабек Икрамовдон кечирим суроого мажбурланат.

Цензура: Төрага менен депутатты шылдың кылгандыгы үчүн Аркарбек Мамытовдун аккаунту блоктолот.

Цензура: Мирлан Ташиев » Сенин атаң же чоң атаң ууру болгон, элин-жерин саткан акмак болгон деген сөз, азыркы 95%пайыз саясатчылардын балдарын күтүп турат» деп азыркы саясатчыларга шек келтирип, элди козутканы үчүн посту блоктолот.

Эгер Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, мындай мисалдар турмушта толтура болот. Бизге андай мыйзам долбоорунун кереги барбы?

КоронаLIVE
  • USA 1,902,031
    USA
    Жуктургандар: 1,902,031
    Ооруп жаткандар: 1,104,215
    Айыккандар: 688,670
    Каза тапкандар: 109,146
  • Brazil 584,562
    Brazil
    Жуктургандар: 584,562
    Ооруп жаткандар: 285,862
    Айыккандар: 266,132
    Каза тапкандар: 32,568
  • Russia 441,108
    Russia
    Жуктургандар: 441,108
    Ооруп жаткандар: 231,101
    Айыккандар: 204,623
    Каза тапкандар: 5,384
  • Spain 287,406
    Spain
    Жуктургандар: 287,406
    Ооруп жаткандар: 260,278
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,128
  • UK 279,856
    UK
    Жуктургандар: 279,856
    Ооруп жаткандар: 240,128
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,728
  • Italy 233,836
    Italy
    Жуктургандар: 233,836
    Ооруп жаткандар: 39,297
    Айыккандар: 160,938
    Каза тапкандар: 33,601
  • India 216,919
    India
    Жуктургандар: 216,919
    Ооруп жаткандар: 106,737
    Айыккандар: 104,107
    Каза тапкандар: 6,075
  • Germany 184,425
    Germany
    Жуктургандар: 184,425
    Ооруп жаткандар: 7,926
    Айыккандар: 167,800
    Каза тапкандар: 8,699
  • Peru 178,914
    Peru
    Жуктургандар: 178,914
    Ооруп жаткандар: 101,701
    Айыккандар: 72,319
    Каза тапкандар: 4,894
  • Turkey 166,422
    Turkey
    Жуктургандар: 166,422
    Ооруп жаткандар: 30,961
    Айыккандар: 130,852
    Каза тапкандар: 4,609
  • Iran 160,696
    Iran
    Жуктургандар: 160,696
    Ооруп жаткандар: 27,478
    Айыккандар: 125,206
    Каза тапкандар: 8,012
  • France 151,677
    France
    Жуктургандар: 151,677
    Ооруп жаткандар: 53,201
    Айыккандар: 69,455
    Каза тапкандар: 29,021
  • Chile 113,628
    Chile
    Жуктургандар: 113,628
    Ооруп жаткандар: 21,605
    Айыккандар: 90,748
    Каза тапкандар: 1,275
  • Saudi Arabia 91,182
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 91,182
    Ооруп жаткандар: 22,444
    Айыккандар: 68,159
    Каза тапкандар: 579
  • China 83,022
    China
    Жуктургандар: 83,022
    Ооруп жаткандар: 69
    Айыккандар: 78,319
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 17,891
    Afghanistan
    Жуктургандар: 17,891
    Ооруп жаткандар: 16,051
    Айыккандар: 1,541
    Каза тапкандар: 299
  • Kazakhstan 12,067
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,067
    Ооруп жаткандар: 5,779
    Айыккандар: 6,240
    Каза тапкандар: 48
  • Tajikistan 4,191
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,191
    Ооруп жаткандар: 1,796
    Айыккандар: 2,347
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 3,874
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,874
    Ооруп жаткандар: 844
    Айыккандар: 3,014
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,899
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,899
    Ооруп жаткандар: 587
    Айыккандар: 1,292
    Каза тапкандар: 20
Булак
ПолитКлиника медиа
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close