Коом

“Форма-2 менен добуш бергендердин санынын көптүгү шек жаратууда”

Форма-2 менен добуш бергендердин санынын көптүгү шек жаратып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский билдирди.

“Форма-2 менен добуш бергендер абдан көп болууда. Бул шек жаратат. Мен Чүй облусунда болдум. Ал жерде бир участкада 480 шайлоочу форма-2 менен добуш берет экен. Бишкекте мындай шайлоочуларга караганда форма-2 менен 1,5 эсеге көп болуп жатат. Бул жерде шек бар. Эмнеге жарандар шайлоо участкаларын алмаштырып жатат? Бул боюнча билдирүүбүздө айтабыз”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат.  Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт