КоомОкуялар

Финпол ойгонду: WhatsApp аркылуу каржы пирамидасынан жабыркагандар аныкталды

Каржы полициясына «Айымдар ордосу» компаниясына карата чара колдонуу тууралуу арыз түшкөн. Аталган компания жарандарга “акча берсеңер жана тааныштарыңызды киргизсеңер эмгекке орноштурабыз”,- деп убада кылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 30 адам алдамчылыктан жабыр тартканы белгилүү болду. Алданган адамдар мындай билдирүүлөрдү WhatsApp аркылуу алышкан.

“Жеңил жана айлыгы жогору төлөнгөн жумушту сунуштаган жарнама мессенджер аркылуу таратылган. Ал үчүн адам милдеттүү түрдө 3 миң сом жана ар кандай белектер менен акчаларды алып келе турган башка тааныштарын кошуусу керек болгон. Бул авантюрага катышуу үчүн республиканын бир нече бактарында эсеп ачылган”,-деп айтылат Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматында.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Толугу менен
Back to top button