Аналитика

Фергана өрөөнүнүн чечилбеген чек ара маселелери

Үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап Фергана өрөөнүндѳгү чек ара маселелери кайрадан козголо баштады. Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы Чек айылында 8-май күнү жер талашуудан улам, 24-май күнү болсо Ворух анклавында мал жаюудан улам алгач жергиликтүү тургундар, кийинчерээк чек ара жоокерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атышуу болгон. Ок атышуулардан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жоокерлеринин ичинен үчтѳн киши жаракат алган. 2-июнь күнү эки мамлекеттин чер арасындагы Эски-Таш аймагында түнкүсүн белгисиз кишилер кыргыз жаранынын автоунаасына ок атышкан. 31-май күнү Кыргызстан-ϴзбекстан чек арасындагы Чешме айылында булак суусунун колдонулушу боюнча жергиликтүү калк ортосунда таш, таяктар колдонулган жаңжал чыккан.

Кыргызстан, ϴзбекстан жана Тажикстан чек аралаш болгон Фергана өрөөнүндѳ чек ара маселелери 30 жылдан бери уланып келсе да, акыркы жылдарда бул маселенин чечилиши боюнча үмүт пайда болгон эле. Кыргызстан жана Тажикстан президенттери ѳткѳн жылы чек арада жолугушуп, эки ѳлкѳнүн чек ара кызматкерлеринин бири-бирине ок чыгарбоосу боюнча макулдашышкан болчу. Ушул жылдын башында чек ара маселесин чечүү үчүн жер айырбаштоо маселесинин күн тартибине алынгандыгы боюнча кабарлар чыга баштаган эле. Шавкат Мирзиеев бийликке келгенден кийин кѳп жылдардан бери жабылуу турган чек ара ачылып, ϴзбекстандын Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араларынын такталышы боюнча жылыштар боло баштаган. Ушундан улам чек ара маселелеринин кайрадан козголо башташынын башка себептери барбы деген суроо жаралып жатат.

2020-жылдын 26-май күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Тышкы иштер министрлеринин видеоконференция жыйынында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан-Тажикстан чек ара меселелеринин чечилиши үчүн Москванын ортомчу болууга даяр экендигин жарыялады. Лавровдун бул билдирүүсүнѳ Тажикстан Тышкы иштер министрлиги ички иштерибизге кийлигишпегиле деп Россияга нота жиберүү аркылуу жооп кылды. Ѳткѳн ай ϴзбекстан дагы тил маселесинен улам Россияга алардын ички иштерине кийлигишпеши керектигин билдирген эле. Кыргызстанда болсо Россия тарабынан колдонулган Кант аскердик базасынын кеңейтилиши боюнча келишимдин кээ бир пункттары коомчулукта “мамлекет ичинде мамлекет болуп жатат” деген нааразычылыктарды жараткан. Кыскасын айтканда, азыркы учурда Орто Азияда анти- россиялык маанай жогору десек жаңылышпайбыз.

Ѳзбекстандын Кыргызстан аркылуу Кытайга жаңы транспорт коридорун ачышы, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин бажы тармагындагы кѳйгѳйлѳрүн айтып чыгышы, Москваны ыңгайсыз абалга салган жагдайлар болуп саналат.

10 миллиондон ашуун киши жашаган Фергана ѳрѳѳнүндѳгү чек ара маселелери аймактын стабилдүүлүгүн буза турган тоскоолдук болуп эсептелет. Аймактагы мамлекеттер бул маселени чечпесе ѳнүгүүсү кечеңдей берет. Ар кандай провокаторлор аймактын чаң будуңун чыгарып, ѳз максаттарын ишке ашыруу үчүн чек ара маселесин колдонушу мүмкүн. Ошондуктан чек ара маселеси күн тартибине алынып, тез арада чечилиши керек. Кѳптѳгѳн маселелер боюнча бири-бирине кѳз каранды болгон Орто Азия республикалары пандемиядан сабак алып, ѳз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча иш алып барышы керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close