Дүйнө
Маанилүү

Эрдоган : Карабакты басып алгандарды кууп чыкканга чейин бул күрөштү улантабыз!

Коньяда оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сүйлөгөн президент Эрдоган Армениянын Карабак маселеси чечилбестен кайрадан кол салганын, бирок бул жолу күтүлбөгөн натыйжага туш болгонун айтты.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Карабак армян  баскынчылыгынан  бошотулганга чейин күрөштүн  улантыларын билдирди.

Конья оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сүйлөгөн президент Эрдоган Армениянын Карабах маселеси чечилбестен кайрадан кол салганын, бирок бул жолу күтүлбөгөн натыйжага туш болгонун айтты.

Бир тууган Азербайжандын Карабакты куткаруу үчүн чоң кыймыл баштаганын жана ушул убакка чейин ийгиликтүү бара жаткан Азербайжан армиясынын көптөгөн жерлерди баскынчылыктан куткаргандыгын белгилеген Эрдоган :

«Биз бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз жана жүрөгүбүз менен дос жана боордош Азербайжандын жанында болобуз. Бул күрөш Карабак баскынчылардан бошотулганга чейин уланат”, – деди.

Ага кошумча Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуяларга да токтолуп, Түркиянын Ливия келишими менен Жер Ортолук деңиздин негизги бөлүгүнүн мыйзамдуу иш – аракеттерге айландыргандыгын айтты:

“Сириядан Жер Ортолук деңизинен Кавказга чейинки кризистик кырдаал бириктирилгенде ортого чыккан картина Түркияны  курчоого алуу болуп чыгууда.”

Түркиянын бүтүндүгү жана түрк улутунун биримдиги, мамлекеттин күчүн сактап калуу менен бирге бул курчоону жаар турган кадамдарды турмушка ашырышкандарын билдирди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркияга карата коркутуулар, ичи бош шантаждар менен артка кадам таштата албагандардын диалог чакырууларына кулак салууга мажбур болгонун белгилеген Эрдоган :

“Сирияда бизди коркутууну эсепке алгандар, ийгиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнүн калбагандыгын көрүшү керек. Өлкөбүзгө коркунуч туудурган бардык жер биз үчүн операция аянты”,- деди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button