ДүйнөСаясат

Эрдоган Иерусалим маселесин кайра козгоду

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда Облус башчыларынын кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, миңдеген жыл болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да дүйнөлүк тынчтыктын ачкычынын Кудс болгонун айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда Облус башчыларынын кеңейтилген жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө: «Тынчтыктын чынар тереги Кудс да куласа бүткүл дүйнө мунун астында калат»,-деди.

Президент Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планы менен басылып алынган Палестина жерлеринин аннекцияланышы максатталганын белгилеп өттү.

Эрдоган сөзүндө, «Акса мечитинин ыйыктуулугун коргой албасак, эртеңки күнү жаман көздөрдүн Каабага бурулуусуна бөгөт боло албайбыз. Ошон үчүн Кудс кызыл чийинибиз болуп саналат»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн мамилелерин көргөндө менин ичим сыздап жатат. Сауд Арабия баш болуп, үнүң чыкпайт үнүң, үнүң качан чыгат?»,-деп суроо узатты.

Эрдоган, Кудсту толугу менен Израилдин кандуу чеңгелине салып берүүнүн бүтүндөй адамзатка жасалган эң чоң жамандык боло турганын белгиледи.

Президент Эрдоган мындай деди: «(Израиль) Көчөлөрдө бейкүнөө адамдарга кудум эле кыргын салган ушундай бандит мамлекет биздин көз албыдызда эч качан чындык боло албайт. Бир аздан соң Махмуд Аббас менен, андан соң Исмаил Ханийе менен сүйлөшүүм болот. Алар менен бул темаларды талкуулайбыз».

Эрдоган, Сирия жана Идлибдеги абалды да карап турбастыгын баса белгилеп: «Сириядагы ар бир абал Түркия үчүн эң аз өз чек аралары ичиндеги сыяктуу маанилүү, орчундуу болуп саналат. Сириянын башка аймактарындагы жана Идлибдеги абалды карап тура албайбыз жана турбайбыз. Чын жүрөктөн Сириянын ырааттуулугун каалайбыз. Бул үчүн аскердик күч колдонуу менен катар эмне керек болсо жасоодон тартынбайбыз. Эч кимдин Түркияны жикчил уюмдун кычкачына кыпчыганга же режимдин зулумдугуна ыраазы болууга мажбурлоого укугу жок. Жикчил террор уюмунун Сириянын кайсы бир жеринде аймагыбыз үчүн акыры келбей турган баш аламандык жана чыккынчылык чуңкурун казуусуна уруксат бере албайбыз»,-деди.

Ливия темасында да эч кимдин Түркияга сын айтканга укугу болбогонун белгилеген Президент: «Судандан Орусияга чейин дүйнөнүн төрт тарабынан жалданма аскерлерди козголоңчу генералдын сабында согушка киргизгендер, ар түрдүү куралды карматкандар, анан туруп алып уялбастан Түркияны сындап коюшат. Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү жана калкынын ордуна, бир козголоңчунун катарында орун алгандар эң оболу демократияга чыккынчылык кылышууда. Ливия темасында эч кимдин, өзгөчө колуна кан уучтаган согуш барондоруна канатын жайып калкагандардын Түркияга сын айтканга укугу жок»,-деди.

Президент Эрдоган, Элазыгдын Сивриже районунда 24-январь жума күнү болгон 6,8 баллдык жер титирөө тууралуу, «Учурда 7си реанимацияда болуп 48 жараныбыздын дарылануусу уланууда. Өмүрүнө коркунуч болгон жер титирөөдөн жабырлануучу жок»,-деди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button