Дүйнө

Эрдоган ички иштер министрин кызматтан кетирбей койду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ички иштер министри Сулейман Сойлунун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Сойлу эки күндүк коменданттык саат киргизгени үчүн сынга кабылган соң кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын «Твиттер» аркылуу маалымдаган. Түркияда коменданттык саат жума күнү кечинде, күчүнө кирерге бир нече саат гана калганда жарыяланган. Ушундан улам элдин баары дүкөндөргө чуркап, узун кезектер пайда болгон. Оппозиция өкмөттүн мындай чечими «коронавирустун жайылуу коркунучун күчөткөнүн» айтып, Сойлунун ишин сындаган.

Түркияда эки жума мурун пандемияга карабай Стамбулдагы каналдын курулушуна тендер өткөргөнү үчүн транспорт министри кызматтан кеткен. Түркияда коронавирус жуккандардын саны 57 миң кишиге, жугуштуу илдеттен каза тапкандардын саны 1200 адамга жакындады.

Түркияда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстанга уча албай калган 300дөн ашуун жаран өз мекенине жетет албай, кыргыз бийлигинен жардам сурап жатат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт