Дүйнө

Эрдоган Франциянын президенти Эммануель Макронго катуу эскертүү жасады

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Анкара шаарында Түркиядагы аскердик төңкөрүштүн 40 жылдыгын белгилөө салтанатында сүйлөп жатып Франциянын президенти Эммануель Макронго катуу эскертүү жасады.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Эрдоган өз сөзүндө:

” Эй Макрон сен Түркияга көп сүйкөнбөй жүргүн! Сен оболу тарыхты жакшы окуп, билип алгының!
Франция кезегинде Африка өлкөлөрүндө элди кырган. Алжирде, Ругандада миллион догон жергиликтүү элди кырып салган.
Андыктан Түркияга тийишип сүйлөштөн мурун өзүңөрдү билгиле! ” деди.

Ошондой эле Таип бей ушундай сөздөрдү Макрон менен жеке жолугушууларда да айткандыгын белгиледи.
Белгилей кетсек Франциянын президенти Эммануель Макрон Түркиянын Жер ортолук деңизинде мунай жана газды чалгындоо иштерин кескин сындап чыккан.
Ошондой эле ал бул иштерде Грециянын таламын талашып келет.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дайым Африкадагы эле эмес дүйнөдөгү мусулмандарга каршы жүргүзүлгөн кээ бир чоң өлкөлөрдүн зомбулук саясатын ачык кескин сын айтып келет.

Маселен Кытайдын уйгурларга кылган мамилесин, Мьянманын мусулман азчылыкка кылган зомбулуктарын катуу сындап чыккан.
Эрдогандан башка мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин эч кимиси мындай учурларда баш көтөрүп үн каталышпайт.
Аллах сизден ыраазы болсун Таип мырза!

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button