Дүйнө
Маанилүү

Эрдоган: Асад келишимди бузса операция кайра башталат!

Президент Режеп Таййип Эрдоган,8-Март Дүйнөлүк аялдар күнүнөн улам Стамбулдагы Халич конгресс борборунда уюштурулган «Түркиянын баатыр аялдары» программасында сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Башар Асад режиминин Түркиянын Орусия менен түзгөн Сириянын Идлиб аймагына карай ок атпоо келишимин бузган учурунда операциясын кайра баштай турганы боюнча эскертти.

Президент Эрдоган,8-Март Дүйнөлүк аялдар күнүнөн улам Стамбулдагы Халич конгресс борборунда уюштурулган «Түркиянын баатыр аялдары» программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө Орусия менен түзүлгөн Идлиб аймагына карай ок атпоо келишимине токтолду.

Түркиянын операция кылып жатканда Сириянын жерлерин басып алуу сыяктуу максаты болбогонун баса белгилеген Эрдоган:

«Жалгыз максатыбыз өлкөбүздө жашаган 3,6 миллион сириялык менен чек арабызга жанашкан 1,5 миллион идлибдиктин коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтууларын камсыздай турган чөйрөнү түзүү»,-деди.

Эрдоган:

«Режимдин Орусия менен болгон келишимди бузган учурунда бул залимдерге оор соккуну урабыз. Биз бул келишимди бир гана Идлибдеги кризистин дагы көп кан төгүлбөстөн чечүүчү жол табылышын камсыздоо үмүтү менен түздүк»,-деп айтты.

Идлиб калкынын жан коопсуздугу жана Түркиянын чек араларынын коопсуздугун камсыздай турган ар бир чечүүчү жолдун кабыл алынгыдай экенин баса белгилеген президент Эрдоган:

«Жаз калканы операциясы аймагыбыздын оң жана солундагы жерлер тууралуу берилген убадалардын орундатылбаган учурунда бул жерлерди өз ыкмаларыбыз менен тазалоо укугубуз күчүндө турат»,-деди.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close