Эрдоган өзүн мазактаган «Шарли Эбдо» журналын сотко берди
Буга чейин Түркия президенти "мындай адеп-ахлактан артта калган басылмага маани бербеш керек" деп өзүнүн карикатурасын көрүүдөн баш тарткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган франциялык Charlie Hebdo журналынын карикатурасы үчүн сотко кайрылды. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттиги 28-октябрь, шаршемби күнү билдирди.
Президенттин адвокаты Хусейин Айдын журналдын жетекчилигинин жана карикатурачынын өзгөчө ролун баса белгилеп, Анкара прокуратурасы кылмыш ишин козголгонун маалымдады. Анын пикиринде, «адепсиз мазмун — бул сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок жана жалаа.»
Шарли Эбдо сатиралык журналы шаршемби күнү мукабасында Эрдогандын карикатурасын жарыялаган. Анда Эрдоган креслодо чолок шымчан отуруп, ислам кийимчен аялдын этегин өйдө көтөрүп жатканы тартылган. «Оу! Пайгамбар!» деп Эрдоган айтып жаткандай мазакталган.
Erdogan : dans le privé, il est très drôle !
Retrouvez :
👉 Laïcité : zoom sur le CCIF par @LaureDaussy
👉 Voyage dans la crackosphère parisienne par @AntonioFischet8 et Foolz
👉 Reportage à Lunéville et son théâtre par Juin➡ Disponible demain ! pic.twitter.com/jxXqKrvXbK
— Charlie Hebdo (@Charlie_Hebdo_) October 27, 2020
Буга чейин, шаршемби күнү Эрдоган парламентте «Адилеттик жана Өнүгүү» партиясынын депутаттарынын алдында сөз сүйлөп жатып, «мындай адеп-ахлактан артта калган басылмага маани бербеш керек» деп өзүнүн карикатурасын көрүүдөн баш тарткан.
«Булар менин сүйүктүү пайгамбарымды кемсинткен. А мен киммин? Аларга менин айта турган сөзүм жок» деген Эрдоган.