Дүйнө

Эпидемиолог: коронавирус төрт метр аралыктан дагы жугушу мүмкүн

Дарыгердин божомолунда вирус абада жарым сааттан үч саатка чейин, буюмдун үстүндө бир нече күнгө чейин сакталышы ыктымал.

Коронавирус бир адамдан экинчи адамга төрт метр аралыктан жугушу ыктымал. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологу Николай Брико «Россия 24» телеканалынын эфиринде айтканын РИА Новости жазды.

Дарыгердин маалыматына караганда, муну АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жаңы изилдөөсү тастыктады.

«Вирус абада жарым сааттан үч саатка чейин, буюмдун үстүндө бир нече күнгө чейин сакталышы ыктымал», — деди эпидемиолог.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны азая элек. Акыркы маалыматтар боюнча, илдетке кабылгандар 1,8 миллиондон ашты. Анын 110 миңдейи көз жумду.

Коронавирус тараган Кытай болсо эпидемия аягына чыгып калганын жар салды.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт