Дүйнө
Маанилүү

Эмомали Рахмон кайрадан Тажикстандын президенти болуп шайланды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка караганда, 11-октябрда өткөн шайлоодо Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон добуштардын 90,92 пайызын алып, жеңишке жетти. Ага 3 млн 837 миң шайлоочу добуш берген.

Комиссиянын төрагасы Бахтиер Худоерзоданын айтымында, добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 85,39 пайызы катышкан.

БШК шайлоого 5 талапкерди каттаган. Алар: учурдагы президент Эмомали Рахмон, коммунисттердин лидери Миродж Абдуллоев, социалисттердин лидери Абдухалим Гаффоров, Рустам Латифзода жана экономикалык реформачылардын лидери Рустам Рахматзода.

Эмомали Рахмон — Тажикстандын үчүнчү президенти. Ал 1994-жылы президент болуп шайланган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт