КоомМыйзам жана укукОкуялар
Маанилүү

Эмилбек Кимсановду жактоочусу менен жолукпаганын айтууга мажбурлашканбы?

Абактагы мурунку бажычы Эмиль Кимсановдун СИЗОдо сабалгандыгы боюнча видео тасманы анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Эмилбек Кимсанов өзү, тергөө абагына текшерүүгө барганда Назгүл Сүйүнбаева анын жактоочусу эмес экенин, ошондой эле аны бир да жолу көргөн эместигин айткан. Бул тууралуу Эмилбек Кимсанов СИЗО-1дин кызматкерлери менен жолугушуу учурунда билдирген:

“Менин эч кандай Назгул Сүйүнбаева деген жактоочум болгон змес. Ага жолуккан эмесмин. Мунун баары жалган» деди ал.

Ал эми адвокат Назгүл Сүйүнбаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди:

ЖАМК 24.kg сайтына берген маалыматында мени Э. Кимсановдун адвокаты эмес деп айтыптыр. Бул маалымат туура эмес. Февраль айынан баштап Э. Кимсановго карата токтотулган кылмыш иши кайрадан улантылып, мен анын ишин жүргүзүп келе жатам. Тергөө, соттук териштирүү иштерине катышып жатканым буга далил болуп бере алат. Эгер мен жактоочусу эмес болсом, анда кантип №1 СИЗОго барып жүрөм? Кантип мен ушул жылдын май айынын аягында Бишкекте өзүм жактап жаткан адам менен жолугуштум. Кыязы, ЖАМК бул окуяны жашыруу үчүн башка эч нерсе ойлоп таба албай жатат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт