КоомМыйзам жана укукОкуялар

Эмилбек Кимсанов камакка алынды

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Биринчи май райондук сотунун 31-марттагы токтому менен Кимсанов 16-апрелге чейин камакка алынды. Учурда ал №21 тергөө абагында кармалып турат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун канцеляриясынан “Азаттыкка” билдиришти.

Издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи Май райондук соту аны жаш балдары бардыгын эске алып, бөгөт чарасын үй камагына чегерген чечим чыгарган.

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сага жана Эмилбек Кимсановго иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоо боюнча шек саналып, издөө жарыялаганын маалымдаган.

Булак
"Azattyk"
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт