АналитикаВидеоСаясат
Маанилүү

Эмилбек Кимсанов: “Өлүп эле калсам кутуламбы? Өлтүрө турган болсо “тиги адамга” айтып, башымды сиз алып коюңузчу”

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун Улан аттуу жаран менен сүйлөшкөнү жазылып алынган тасма тарады.

Аталган тасма ушул жылдын 17-апрель күнү Youtube видеохостиңиндеги “Айтылбаган Армандар” каналына жүктөлгөн. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун Улан деген белгисиз кишиге телефон чалып, андан жардам сураганы жазылган. Тасмада “Шеф” деп мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө сөз болот. Улан аттуу адам Кимсановго “Памир Жумалиевичке бар” деп кайрылат. Аты аталган Памир Жумабаевич кадимки ИИМ министринин орун басары Памирбек Асанов. Буга чейин Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асановдун кызматта турушу талаш жараткан. Анын кызматка келиши менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен туугандык байланышы талкууга түшүп, сынга кабылган. Памирбек Асановдун уулу экс-бажычынын эжеси Фарида Матраимованын кызына үйлөнгөн.

 “Өлүп эле калсам кутуламбы? Өлтүрө турган болсо “тиги адамга” айтып, башымды сиз алып коюңузчу… Өзүмдүн командам өзүмдү карасаңыз Мунар, Кылыч милиционерлерди чаап, атышып атса, мен аларга болушуп кайра өзүм кор болуп жатсам. Ушул эми кайерде акыйкат? Макул эми, илгери кошо жүргөнбүз. Мага капа болсо жумушун кылбай, илгерки эле нерселерди кылдырып, ал айткандарды аткарып, анын жумушун бүтүрсөм анан артымдан бычак сайып алгандай эле болуп жатат” деп айтып жатат.” – деп сөзүн улаган Кимсанов.

Ал эми бир жума мурда Кимсановдун Райымбек Матраимов менен сүйлөшкөн аудиосу тараган эле.

Анда Райым аке деп сакталган адам Кимсановго “бара бер, сен мага ишенбей калгансыңбы?” деп кайрылган. Бул кишинин үнү Ош облустук башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үнүнө окшоп кетет. Өзүңүз салыштырып көрүңүз:

Видеонун уландысында Улан аттуу адам арызды Генерал Молдомуса Конгантиев жазганын, кылмыш ишти козгогон ошол киши экенин айткан. Аны уккан Кимсанов “Арызды атасы жазыптырбы? Генералбы?” деп таң калган. (Видеонун 20-мүнөтүнөн баштап көрүңүз)

https://diesel.elcat.kg/uploads/monthly_10_2017/post-219538-0-82228900-1507562282.jpgМолдомуса Конгантиев азыркы президент менен мамилеси жакшы экенин, шайлоо өнөктүгүндө колдоо көрсөтүп, анын штабында жүргөнүн буга чейин Рыскелди Момбеков да айткан эле.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов эки айга камакка алынгандан кийин социалдык тармакта анын видеосу тараган.

Видеодо Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбековдун тынымсыз коркутууларына, басымына кабылганын айтууда. Андан сырткары Кимсанов Матраимов ага “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновду Прага шаарынан таап келүүгө буйрук бергенин да айтып жатканын угууга болот.

37 жаштагы Эмилбек Кимсанов 2008-жылы Мамлекеттик бажы кызматына ишке кирип, Райымбек Матраимовдун кол алдында иштеген. Убагында Матраимов негиздеген «Ош бажы» командасы менен футболдук беттештерге катышып жүргөн.

Кимсанов 10 жылдык карьерасында бажыдагы бир катар жогорку кызматтарда иштеген. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Достук» бажысын бир топ жыл башкарды. «Азаттыктын» иликтөөсүндө сөз болгон Хабибулла Абдукадырдын компаниясынын жүгү дал ошол «Достуктан» өтүп турат.

Андан соң Мамлекеттик бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына көтөрүлүп, 2019-жылдын жазына чейин иштеген.

Бир тууган Матраимовдор Кыргызстанда жогорку кызматтарда иштешет жана иштеп кетишкен. Райымбек Матраимов ушул тапта өлкөдөгү бирден-бир бай жана таасирдүү адам болуп саналат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button