Аналитика
Маанилүү

Элдин ээлигиндеги жер – баа жеткис байлык (2-бөлүм)

3-негиз: Кумтөрдөн баштап, кен байлыктары, ЖЭБ, Тарых музейи ж.б. ири долбоорлор аркылуу Өкмөттүн чабал, мамлекетти бүлүнүүгө жетелеген иштери айкын болгон, болуп да келатат.

“Бир жарым жыл мурун тоо-кен тармагын караган коопсуздук кеңешти жыйынтыктап жатып Президент тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир дегенин бүткүл эл укту… Муну президент ачык айтты. А кимдин көзөмөлүнө өтүп кетти? …Былтыр Солтон сары, Макмал, Ала-Бука, Чаткалда эл абдан нааразы болбодубу. Ошолор эмнени көрсөттү? Тоо-кен тармагы 2014-жылдан баштап, мамлекеттик уюшулган коррупциялык мафиялык топтун көзөмөлүнө өтүп кетти. Демек нечен млрд киреше бере турган мамлекеттик тармак мамлекеттик уюшулган кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн иштеди” – деди “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин экс-президенти Дастан Сарыгулов “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” деп аталган тегерек столдо.

Айрым объекттер боюнча коррупциялык иштерге күнөөлөнгөндөр жоопко тартылганы менен, айрымдарынын кандайдыр бир жолдор менен кутулуп кетиши, экономикалык чыгымдардын эсеби чыгып, орду толбогону коомчулукта күмөн жаратып, бийликке элдин ишенимин али да болсо толук кайтара элек. Ушундай жагдайда Өкмөттүн элди кытай инвесторуна жерди 49 жылга берип, Кытай менен чектеш аймакты Кыргыз-КЫТАЙ эркин экономикалык зонасына айлантканда жакшы болгону турат деп көндүрүүгө кылган аракети нааразылыкты кантип ого бетер козгобой койсун? Митингдерде бул тууралуу “Кумтөрдү иштетээрде да баары сонун болот деп убада берилбеди беле, кана?” деген өңдүү түз берилген суроолорго Өкмөттөн алгылыктуу жооп боло элек. Эмне деп жооп беришмек? Анан дагы бир ушундай баш оору келип чыгышына, албетте эл каршы болот.

КТРКдагы “Ой ордо” берүүсүндө Эмил Абдыкадыровдун “элдин өндүрүмүн эки-үч эсе кымбат сатууга мүмкүнчүлүк болот” деген жайдак сөздөрү ары күлкүлүү, ары таң калычтуу угулду. Техника-экономикалык негиздемеси (ТЭО) тактала элек жайда баанын кандай болушун ал кайдан билди? Кытайдын жер-жемиши логистикалык борбору жокто эле базар толо. Логистикалык борбор болгондо Кытай өзүнүн өндүрүмүн кое туруп эле, биздикин алдыга койгон атыптырбы? Кытай өз экономикасынын камын ойлоп, биздин аймакка аянбай инвестиция кылып атканы биздин экономиканы өнүктүрүү үчүн деп ойлоо, жумшактап айтканда баеолук, сөздүн ачыгын айтканда шылуундук менен элди алдоо деп сыпаттаса жарашат. Мисалы, ат-башылыктардын негизги өндүрүмү болгон эттин киллограммы 300 сом болсо, ал логистикалык борбор аркылуу 600-900 сомго каякка өткөрмөкчү? Кайсы ири соода компаниясы менен келишимди бекитиптир? Картошканы 30 сомго кимге өткөрөт? Эмил Абдыкадыров кайсы реалдуулукка таянып мындай прогноз берип атат? Расмий бийлик элдин ишенимине кирбей турган чакта, артынан эл арасында ар кандай дооматтар ээрчип жүргөн Эмил Абдыкадыровдун мындай кургак жоромолуна эл эмне үчүн ишениши керек?

4-негиз: “Ой-ордо” берүүсүнүн алпаруучусу бул демилге Кытай тараптын ушул аймакта ушундай борбор куралы деген аракетиби же Кыргыз тараптын изилдөөсү көрсөткөн, биз ушул жолго барышыбыз керек деген негиздемесиби деп жакшы суроо берди.

Айрым жоопторду келтирейин, канчалык ынанымдуу экенине окурман өзү баа берсин.  Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин (баса, ушундай агенттигибиз да бар экен) директору Шумкарбек Адылбек уулунун жообуна көңүл коюп көрөлүчү, кыскартып жазайын:

  1. Транзиттик потенциалыбызды колдонуу үчүн
  2. Салыктар, логистика, бажы төлөмдөрү эффективдүү болушу үчүн
  3. Региондорду өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү максатында

Булар жооппу же, дагы толгон суроонун башыбы? Ошондо коңшу өлкөлөр биз аркылуу товарын ташыганы эффекттүү болбой, ушул борбор зарыл болуп, ал аркылуу ташыса эле жакшы кирешенин булагы болуп береби? Эмне себептен?

Салыктар, логистика, бажы төлөмдөрү эффективдүү болушу үчүн Кытайга жерди ижарага берүү зарылбы же коррупцияны тамырынан кыркуубу?

Жумуш орундары ошол аймактагы сыръего (жүн, тери, эт, сүт ж.б.) жараша өндүрүш курулса түзүлөт беле, же кытайды кийирип, аларга элди жүк ташыгыч кылгандан башка өкмөттүн аргасы жок беле?
Бул боюнча пландуу иш алпарылса, мындай жагдай болбойт эле.

(Айта кетүүчү нерсе, КТРК күнкарамалыктан айыкса болот эле. Бейтараптык одоно бузулуп, бир адамга төрт каршы пикирдеги адамды коюп алышкан, алпаруучу өзү да бешинчи болуп, аларга шыкак берип атат. Кара жашик атыгып, канча жылдан берки катасынан башы чыкпай жүргөнү өкүнүчтүү жагдай).

Демилге каяктан чыккан деген суроо пайда болбой койбойт. Кытайдын башка өлкөлөрдөн да ижарага жер алган учурларынан алардын дайымкы “кол тамгасы” көрүнүп турган жокпу?

Кытай туристтерине визаны жоюп салуу тууралуу сунуш Парламентте дагы көтөрүлгөнүн эсиңиздерге салайын. Депутат Махабат Мавлянованын “көп эмес, жылына 5-6 млн” дегенин каңырыш угуп атамбы деп, кайра-кайра көрдүм эле. Бул санды Мавлянова каяктан алган деген суроо туулбай койгон жок. Соцтармактарда жайылган кытай улутундагы адамдын депутат менен коркуткан видеосу да шек жаратат.

КУУда, БГУда жана ОшМУда Кытайдын Конфуций институту кытай тилин, маданиятын, тарыхын окутууда. Макаланын 1-бөлүмүндө көрүнүктүү илимпоз эжебиз Үмүт Култаевага Кытай бийлигинин берген жообун жаздым эле: Кытай ичке эшигин ачпайт, сыртка гана ачат. Мында саясатты алар ачык жүргүзүшөрү маалым. Эгемендик алып, базар экономикасынын оокатын эптей баштаганыбыздан эле Кытай эбин тапты. Дордой элге “жыттуусунан” баштап, мыктысына чейин сунду эле, алардын экономикасына жакшы эле салымыбызды коштук окшойт. Аскар Салымбековдун долбоорду жактап атканынын жөнү ушундадыр. Аларды дүйнөлүк алдыңкы экономикага сүрөгөн да биз болгондурбуз, балким. Экономикалык жактан болобу, интеллекттик жактан болобу, “эл достугун ширеткен” болсо, бизчелик болор. Эми өзүбүздүн өндүрүшүбүздү, өнүгүшүбүздү ойлоп, өзүбүздү изилдегенге, чыныгы эгемендигибизди өнүктүргөнгө мезгил жетмек тургай, кыйла ашып кетпедиби?! Качанга чейин эле сырттан инвестор издеп, акча салам десе жерибизди карматканча шашып, алаңгазар саясат жүргүзүп отура беребиз?

Экономиканы өнүктүрүүнүн жападан жалгыз жолу эле жерди ижарага берип инвестор тартуу деген – өкмөттүн иш кыла албаганын көрсөтүп жаткан жокпу? Бул кыргыз кытайсыз же башкасыз эч нерсе кыла албайт деген бүтүмдү биротоло чыгарып коюп эле, эки жакты карай берген акылбы?
Бир өтүк болсо да ултарып өзүбүздөн өндүрүш баштасак, аныбыз бара-бара фабрика болсо, 49 жылдан кийин балдарыбыз логистикалык борборду өздөрү эле салып алат деген божомол, 49 жылдан кийин кытай тапкан-ташыганынын баарын эле кыргызга мегой деп карматып чыгып кетет дегенге караганда кыйла чыныгый божомол эмеспи?

Уландысы бар…

Жетиген Асанбек
(Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт)

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button