АналитикаЭкономика
Маанилүү

Элдин ээлигиндеги жер – баа ченегис байлык

Ат-Башыдагы Кытай инвесторуна ижарага берилип аткан 200 гектар айыл чарба жеринин жоготуулары 49 жылга 43 млн 5 миң сом деп эсептелип, анын эсебинен жергиликтүү бюджетке 1 млн 782 миң сом которулганын Azattyk.org сайты Өкмөттүн маалыматына таянып жазып чыккан.

Акчанын четин көргөн биздин атминерлер эми токтоно албай тургансыйт. Ат-Башы элинин эле эмес, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн кооптонгонуна, оркоюп көрүнүп турган мүшкүлүнө көз жумуп, баары сонун болот деп элди ишендиргенге жан үрөп, кайра элди жамандоого ашыгышууда.

Бул тууралуу КТРКнын “Ой ордо” программасында сөз болуп, инвестордун бири Эмилбек Абдыкадыров иштин жайын баяндоону:

“Кытай Эл Республикасынын председатели Си Цзинпин келген убакта бизнес форум болду, ошондо ушул долбоорлор сунушталынды” деп баштады.

Жердин климаттык катаал шарттарына карабай инвестиция салынып, Си Цзинпиндин катышы менен чечилип аткан долбоордун артында кандай кызыкчылык бар экенин түшүнүү кыйын эмес.

Долбоорду жактоочулар товар жүгүртүү, экспорттоо абдан жакшы болот, жумуш орун болот, экономиканын көтөрүлүшүнө өбөлгө болот деп, бир укканда пайдалуудай жүйөлөрдү келтиришүүдө. Тереңдеп ойлоно келсек, талашкыс зыяндуу жагдайларын карай турган болсок, бул пайдалардын баары түккө да турбайт. Кытайлар менен салыштыра келгенде чөөттөй болгон элбиз, алардын армиясынын гана саны бизден үч эсе көп. Аларды жерибизге кийирип алсак, чектеш жерде бизге үстөмдүк кыла башташса, каршылык көрсөтөр чамабыз барбы? Хандын алдында калчылдаганча, кулдун алдында кутурган артык деген сөз бар элибизде. Элдин өз жериндеги эркиндиги 100 логистикалык борбордун пайдасынан артык.

Кооптонууга талашкыс негиздер ондоп саналат.

1-негиз: Логистикалык борбор делген мекеме “Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” деп аталышында кеп бар. Ушундан эле биздин өкмөттүн жан алы калбай, кыргыздыкы эле болот деп үгүттөп атканы суу кечпей калды. Кыргыздын жери эмне үчүн Кытай соода аймагы болот? Жерди ижарага алып аткан Кытай жаранында бул суроого так жооп бар экенинде күмөнүм жок. Бул жер андан ары Кытайдыкы болушун мелжеп койгонун бөркүмдөй көрүп турам. Элүү жылда эл жаңы. 10 жылга эмес, 20 жылга дагы эмес, дээрлик 50 жылга берип аткан адамдар келечектеги тагдыры үчүн жооп беребиз дей албайт, анткени жаратылыштын талашкыс мыйзамы менен алар жок болушат. Кытай инвестиция, карыздын шылтоосу менен башка мамлекеттердин жерлерине ээлигин кеңейтип келгени жалпыга маалым. Шри-Ланка, Пакистан, Африка сыяктуу алыскы өлкөлөргө барбай эле, Тажикстандын мисалын алалы:

“Тажикстан өз кен байлыктарын кытайлык компанияларга инвестиция үчүн, мындан тышкары өзүнүн карызынын ордуна берип келет.

Мисалы, “Душанбе-2” жылуулук электр борборун курганы үчүн бийлик 50 тонна алтын кору бар Кумарг кенинде Кытайдын белгисиз мөөнөткө чейин иштешине макул болгон.

Тажикстандын карызы быйылкы жылдын август айындагы маалыматтарга караганда, 2,9 млрд долларды түзөт. Анын 48 пайызы Кытайга таандык” (Azattyk.org).

Бул бир эле мисал.

Биздин жагдай мындан артык эмес. Бул тууралуу экс-министр Акылбек Жапаров да парламентке доолбас каккан:

“…Бизге карыз берген мамлекеттер же уюмдар шартыбызга карап, аз да болсо аяп, карыз төлөө мөөнөтүн узартып бериши мүмкүн. Бирок бир карыз абдан коркунучтуу болуп турат. Ал – бүгүнкү күндө карыздын 44%ын түзүп аткан Кытайдын карызы. Тактап айта турган болсок, 2010-жылда 2 гана %дын тегереги эле, 5 жылдын ичинде 44%га жеткизип алдык. Кытай өлкөсү биздин карызды кечип да койбойт, узартып да бербейт. Ал карызды төлөө биз үчүн татаал иш болот деген ой менде үстөмдүк кылып жатат. Себептери төмөнкүлөр:

  1. Силер бай өлкөсүңөр, кечип койгула деп айта албайбыз. Анткени экономикасы боюнча экинчи өлкө болгону менен, кирешени киши башына бөлгөндө орто эле мамлекеттердин катарына кирип калат.
  2. 2025–2019-жылдарда, беш жылдын ичинде 1,5 млрд доллар накталай акча төлөп беришибиз керек, ошонун 71%ы Кытай өлкөсүнө болуп атат.
  3. Кытайдын эксимбанкы келишим түзүп жатканда эле карыз кечип коюлбайт, мөөнөтү узартылбайт, Кыргызстан эгемендүү мамлекетинин суверенитетин колдонбойт, талаш-тартыштардын баары Кытайдын мыйзамы менен, Гонконгдо кытай тилинде чечилет деп биздин парламентке ратификация кылдырып алышкан...”

Байкадыңыздарбы, “кылдырып алышкан”. Биздин парламент “пульт” менен башкарылат эмеспи. “Пульт” менен башкарылган парламенттин депутаттары Камчыбек Жолдошбаев, Жылдыз Мусабекова ж.б. депутаттар, атминерлер бүгүн бул долбоор боюнча өкмөттүн камчысын чаап турган чактары. Ушундай абалда деле эл сөзүбүздү угат экен деп атышса, “радары” иштебей калыптыр булардын. Коом, элдин аң-сезими алда канча алдыга кетти.

2-негиз: Бул долбоордо өкмөттүн пикирин түртмөлөп жүргөндөр,чек ара жылбайт, чек ара жылат деп жалган маалымат таратып атышат” дешет. Чек ара жылбаганынын мааниси канча, эгерде чек аранын артындагылар биздин жерде ээлик кылып жүрсө? Премьер-министр парламентте маалымат берип жатып, 15000 жумуш оруну болот деди. Башында 20%дын кебин салып атышты эле, элди алдоо ойлогондой оңой болбосун баамдаштыбы, эми келишим боюнча 5%ы кытайлар иштеши керек экенин Эмил Абдыкадыров билдирди. Ошондо 750 кытай үй-бүлөсү менен 3000ге чамалуу адам келет. Райондун борбору Ат-Башынын калкы 11 миңге чамалайт. Анан ал жакка 3000 кытай киргизип коюш коопсуз деш акылга сыябы? Дээрлик 30 жылдан бери өлкөдө кытайлар жашап келатышат. Ушу Бишкектен кыргызча сүйлөгөн бир кытай көрүүгө болбойт. Соодасын кылыш үчүн чала-була орусча сүйлөшөт, болбосо сага кытай тилин үйрөткөнгө даяр. Бул аларда барган жердин ырын ырдамай деген руханий маданият, салт жок экенин, экспансия (жер ээлөөгө багытталган саясат) саясатына жараша мүнөз калыптанганын айгинелеп турат. Алардын “биздин эл ааламдын ээси болот” деген ыры бар экенин илимге байланыштуу сапар менен барып келген көрүнүктүү, ардактуу илимпозубуз Үмүт Култаева эжебиз айтып берген.
Улуттук университетте, Бишкек гуманитардык университетинде, Ош мамлекеттик университетинде Кытайдын Конфуций институту иш алпарат. Кытай тилин, маданиятын, тарыхын окутат. Ал эми Кытайда кыргыз тилин окута албайбыз, анткени алардын саясаты жол бербейт. Муну алар жаап-жашырышпайт. Мекенчил Үмүт эжейибиз Кытайдагы кыргыздарга боор тартып, ал жакта да биздин бир ЖОЖдун филиалын ачсак деген сунуш киргизсе, анда “Кытай эшигин ичке ачпайт, сыртка ачат” деп гана сылык-сыпаа жооп жооп узатышкан экен.

Эми логистикалык борборго кытайлар кыргыздарга кыш куюп бергени келбейт, премьер-министр тим эле чоң эмгек акыны айткансып, 15 миң сом айлыкка иштешет дейт. Кыргыздар 15 миң сом айлыкка иштесе, кытай 150 миң сом айлыкка иштейт. Ошондо инвестор бизге салып атабы, же кытайга салган болобу? Кытай кыргызды үйрөтмөкчү экен. Кытай кыргыз тилин үйрөнүп кыргызча үйрөтпөйт, бөркүмдөй көрөм, кытай тилин үйрөн дейт. Ошондо баягы коймаарек элибизде “жаман үйдү коногу бийлейт” болгон атпайбы дагы эле.

Уландысы бар…

Жетиген Асанбек
(Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт)

Автору
Жетиген Асанбек
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button