Аналитика
Маанилүү

Эл шайлоого алаксыганда “Кыргыз Темир Жолу” Орусияга сатылып кеттиби?

Бугай чейин коомчулукта, “Кыргыз Темир Жолунун” “Кыргызгаздын” тагдырын кайталап кала тургандыгы боюнча коомчулуктун тынчсыздануусун жараткан маселе коюлуп келген.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Орусияга сатылат деген пикирлер былтыр 28-март күнү Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө келеринен мурда айтыла баштаган. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон державанын ажосу менен Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте жолугушуусунда өлкөнүн эгемендүүлүк маселесин күн тартибине чыгара турган чечимдерге кол коюлушу мүмкүн деген талкууга жем таштаган.

Ага утурлай эле быйыл 24-июнда Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага катышуу үчүн Бишкектен президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 23-июнда жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков бул даталуу иш-чарага катышкан жок. Муну “кыргыз тараптын Орусиянын темир жолду сатып алуу сунушуна макул болбой койгондугу үчүн куулуп кетти” деген жорумдар айтылган.

Ал эми, Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрь күнү «Биринчи радиого» берген маегинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна Орусиянын да кошулганына токтолду:

— Жалпысынан кытай тараптын кызыгуусу бар, бул долбоорго. Темир жол долбооруна катышуу тууралуу Орусия менен дагы жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Азыр Орусия темир жолдору бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз иштей башташты. Бул долбоорду Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан Орусия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул боюнча дагы жылыштар бар,- деди президент.

Бүгүн 23-сентябрда өмүр бою аталган ишканада эмгектенип келаткан, жана буга чейин мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча бир нече жолу коомчулукту кабардар кылган Рахат Акматов нааразычылык акциясына чыгып, “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы Орусияга саталып кетүү коркунучу бар экенин эскертип чыкты:

— Урматтуу, калайык калкым! Биздин Кыргызстандын жападан жалгыз стратегиялык обьектиси Орусиянын колуна өтүп кетүү коркунучунда турат. Анткени, ВасилийАнатольевич Дашковду директор кылып алып келип коюшту. Ал деген мурда мыйзамсыз иштер менен алектенип жүрөт деген маалымат булктарында айтылып жүргөн.  Ошол Дашков келгенде, тез аранын ичинде эле Балыкчы-Кочкор-Каракече жолун курам деп онлайн жыйын өткөрүп, Орусия менен келишим түзгөн. Майдын майрамдары бүткөндө ачылат деген жол, сентябрь аяктап баратат, эмдигичи ачыла элек. Менин тынчсызданганым, “Кыргыз Темир Жолу” ишканасын карызга батырып туруп, Орусиянын карамагына өткөрүп берүү коркунучу бар. Буга толук мүмкүнчүлүк бар.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» жыл сайын 7 миллион жүк ташыйт. Ишканада 5 миңдей адам эмгектенет. «Кыргыз темир жолу» таза кирешеси боюнча мамлекеттик ишканалардын арасында алдыңкы саптарда болуп келген. Расмий маалымат боюнча, соңку жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кирешеси кескин түрдө азайып жатат. Мисалы, 2018-жылы «Кыргыз темир жолу» 514 млн сом кирешеси тапкан, 2016-жылы 500 миллион сомго жакын каражат түшкөн. 2015-жылы болсо 700 миллионго жакын болчу, ал эми 2014-жылы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашкан эле. Көрүп турганыңыздай бул ишкана кантип банкроттук абалга кетип бара жатканын байкоого болот.

СССР ИИМинде, КР ИИМинде кызмат өтөп, андан кийин «Кыргыз темир жолуна» келип кызматтык секирик жасаган Василий Дашковдун бул ишканага жетекчи болуп келиши чоң суроо жаратат. Дашковдон башка темир жолдо репутациясы таза толтура мыкты,  чыныгы темир жолчулар бар экени айтылган. Аталган ишкананын кызматкерлери буга чейин бир топ нааразычылыгын билдирген кайрылууларды жасашкан.

«Кыргыз Темир Жолу» «Кыргызгаздын» тагдырын кайталайбы?

Ал ортодо Василий Дашковдун уулу 1994-ж.т Дашков Даниил Васильевичтин бийликчил делген “Биримдик” партиясында 95-тизме менен шайлоого катышып жатканы маалым болду. Эмне үчүн буга чейин ошончо чуулгандуу иштер боюнча эч ким унчуккан жок? Демек, “Кыргыз Темир Жолунун” жетекчилигинин коррупциялык ж.б суроо жараткан иштери учурдагы ишмердүүлүгү бийлик ээлерин канааттандырат жана алар мындан кабардар экенине далил болбойбу?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов “Eldik.Media” порталына берген маегинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралганын айтып, «Кыргыз темир жолу» сыяктуу бир нече стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын сатылып кетиши мүмкүн экендигин эскерткен:

Азыр айтылбаса кеч болуп калат. Себеби, ушул шайлоодон кийин Кыргызстан эгемендигинен ажырап калуу коркунучунда кала турган маселелер коюлганы жатат парламентте. Ошол эле, «Кыргыз Темир Жолу», “Кыргыз нефть” коюлганы жатат.»

«Кыргыз Темир Жолу» «Кыргызгаздын» тагдырын кайталайбы?

«Кыргыз темир жолун» акционердик башкарууга берип, кийин сатуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканы ачык эле айтылып жатат. Бул маселеде Орусия экономикалык пайдадан да геосаясий кызыкчылыктарды жогору коюп жаткандай. Себеби Борбор Азияга таасир этиш үчүн мурун Батыш менен тирешүү болсо, акыркы кезде бул аймактагы Кытайдын таасиринен чочулап, ага каршы туруу саясаты болуп жатат.

Айрым эксперттер бул темир жол Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда курулуп жаткан болсо, чек арасы бизге кесилишпеген Орусиянын ачык эле кийлигишип жатканына кабатыр болушту. Анткени, буга чейин, Орусия президентинин Кыргызстанга болгон акыркы сапарында эң негизги маселе катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстанды аралап өткөн темир жолду куруу маселеси талкууланган жана бир катар маанилүү документтерге кол коюлганы маалым.  Ал эмес, ага чейин эле 2018-жылы ноябрь айында Бишкекте Жээнбеков Орусиянын башкы темир жол ишканасы “РЖДнын” жетекчиси Олег Белозеров менен жолукканы белгилүү.

Ал эми “РЖД” өткөн жылы октябрь айында эки долбоорго багыт коюлуп жаткандыгын айткан. Алардын бири Кыргызстандагы темир жолдорун модернизациялоо жана куруу деп билдиришкен эле. Бул үчүн техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жаткандыгы кабарланган.

Бул ири долбоорду ишке ашырууга “Кыргыз темир жолунун” алы жетпейт, ал эмес, бул ишкананын ичиндеги коррупциялык иштерди жоё албай жаткандагы чуулар бир канча убакыттан бери токтобой келе жатат. Темир жол эмес, жөнөкөй жолду араң куруп жаткан мамлекет ири долбоорду ишке ашыруусу күмөн жаратат. Демек, “Кыргызгаздын” сценарийин улай “Кыргыз темир жолу” “РЖДнын” курамына кирип кетүүсү мүмкүн деген чочулоолор негиздүү.

Айрым эксперттер «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусиянын карамагына өтүп кеткени бул темир жолдун курулушу Кыргызстанды транспорттук туңгуюкка кириптер кылып, Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын көп векторлуу деп атап, иш жүзүндө Орусияга жана Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерине ыктап жашап келе жатканын бышыктайт деп айтып келишкен.

Жарандык активист Адил Турдукулов бул маселе боюнча бийлик жарандардын маанайын байкап иш кылып жатат деген пикирин айткан:

 «Кыргыз темир жолун» акционердик башкарууга берип, кийин сатуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканы ачык эле айтылып жатат. Бул маселеде Орусия экономикалык пайдадан да геосаясий кызыкчылыктарды жогору коюп жаткандай. Себеби Борбор Азияга таасир этиш үчүн мурун Батыш менен тирешүү болсо, акыркы кезде бул аймактагы Кытайдын таасиринен чочулап, ага каршы туруу саясаты болуп жатат.

Экономика боюнча эксперт Сапар Орозбаков өз оюн минтип ортого салган:

— «Кыргызга «Кыргызгаз» эмес, газ керек» деп стратегиялык маанидеги ишкананы Орусияга бир долларга өткөрүп берди. Кытай курганы жаткан Европага жол ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан баш тартты. Бул жол Кыргызстанга жылына 100 млн. доллар акча берип турары айтылып жаткан. Анткени аны Орусия каалабады. Орусия Кыргызстанга башка жол ачылып көз каранды болбой калышынан коркту…”

Кезинде 2013-жылы “Кыргызгаз” ишканасы карыздары менен кошо 1 долларга “Газпромго” сатылган. Бул макулдашуу менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына Орусиядан жаратылыш газы жеткирилип, баасы арзан болору күтүлгөн. Бирок учурда газдын баасы байкаларлык арзандап кетпегенине күбө болуп жатабыз.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button