БийликКоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Эл каттоого бөлүнгөн гранттык акчалар шайлоого кеткенби? (ВИДЕО)

Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери төрагасына нааразы

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери иштин жылбай жаткандарын айтып, “Барс Медиа” сайтына кайрылышты:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы 690-токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейинки мезгилде Эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрмөк. Пандемияга байланыштуу убактылуу белгисиз  мөөнөткө жылдырылды. Той-аштар, оюн-зооктор өтүп жатат жана Шайлоо дагы өттү. Эмне үчүн Эл жана турак-жай фондун каттоо өтпөй жатат? Чет өлкөлөрдөн гранттык чоң суммада акча каражаттары келип түшкөн эле. Ал акчалар кайда, кимдин чөнтөгүнө түштү же шайлоого кеттиби? Элге жана Чет өлкөлүк донорлорго эмне деп жооп беребиз? Эл жана турак жай фондун каттоо өтөбү же жокпу?”,-дейт кызматкерлердин бири.

Ошондой эле алар Улуттук статистика комитетинин төрагасы кызматтык унааны өз кызыкчылыгына колдонгонун белгисиз адамдар видеого тартып алганынын, бул да мыйзам бузууга жатаарын айтышты.

Толугу менен
Back to top button