КоомМыйзам жана укукЭкономика

Эл карантинде үйдө отурганда, “Тегирменчилер” ташын күүлөшүдөбү?

15-апрелде буудай ташып келүүгө  салыкты жеңилдетүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

“Бүгүн, 15 апрелде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун автору  Экмат Байбакпаевдин айтымында документ ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыкты.

«Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө ун чыгаруу үчүн Кыргызстанга ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салып, мурункудай салыктык жеңилдиктерди калыбына келтирүү максат кылынууда», – деп белгиледи Э. Байбакпаев.

2025-жылдын 1-январынан тарта   буудайга кошумча нарк салыгын алып салуу сунушталууда.   Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Айнуру Алтыбаева, Өмүрбек Бакиров, Жанар Акаев данга болгон салыктын мындай мөөнөтүн кыскартуу керектигин белгилешти.   «Беш жыл бул өтө узак мөөнөт», – деп кошумчалады депутаттар.

Депутаттар  Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Канат Исаев мыйзам долбоорун колдоого аларын билдиришти. Алардын пикиринде кошумча нарк салыгынын ставкасын нөлгө түшүрүү менен буудай кайра иштетүүчү ишканалардын өнүгүшүнө шарт түзүлот жана нандын баасы арзаныраак болот.  Мыйзам долбоору үч окууда  колдоо тапты.” деп маалымдаган ЖК өздүк сайтытына…

Буга карата соцтармактарда “кризиске байланыштуу бир же эки жылга гана салыкты алып турса болоорун, бирок мындай 5 жылга созсо, ун пуруштар жыргаса жыргайт, бирок мунун айынан дыйкандар буудай эгишеби? Эртең кыйын күн келсе кайра эле бөтөн өлкөгө азык масалесинен көз каранды болуп турабызбы?” деген пикирлер бар.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button