Дүйнө

Эл достугун ширеткен белгилүү дин аалымы Абдугаппар Сманов каза болду

Боордош казак элинен чыккан белгилүү дин аалымы Абдугаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды. Буга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы боордош казак элине, Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы жамаатына жана Абдыгаппар Смановдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бул тууралуу Чубак ажы Жалилов да расмий баракчасына билдирүү жазып чыкты.

“Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Таалам Абдугаппар бир тууганыбыздын барган жерин бейиш кылсын! Кудай жолунда кылган эмгектерин Кудайым өзү кабыл кылсын! Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Даават сапарларында бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. Кудай Таалам жаткан жериңизди Бейиштен кылсын!”, – деп жазат Жалилов.

Абдыгаппар Сманов 1970-жылы февралда Түркстан облусунун Сарыагаш районунда туулган. 1990-1994-жылдары Бекабаддагы (Өзбекстан) «Магрифат» медресесинде диний билим алган.

1994-жылдан бери ал “Таяк ишан” мечитинин башкы имамы жана мечиттин жанындагы медресенин окутуучусу.

2010-жылдан 2016-жылга чейин Сарыагаш медресе-колледжинин директорунун орун басары, 2016-жылдын декабрь айынан баштап Сарыагаш медресе-колледжинин директору болуп иштеген.

Абдыгаппар Шакирович коомчулукка Ислам дининин асыл баалуулуктарынын жеткирүүдө абдан чоң салым кошкон.

Опубликовано Чубаком Жалиловым Среда, 1 июля 2020 г.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close