ВидеоОкуяларСаясат

Экс-депутат элден чогулган акчанын эсебине кызыкты

«Силер президентти алдабагыла! Президенттин рейтинги өтө төмөн түшүп кетти. Мына башыбызга оор күн келип түшкөндө, Мирзиёев жардам берди. Бирок, эл силерге жардам бербей жатат. Мындай апаатта кыргыз эли өтө тез бирикчү. Дача-СУда эле бириккендей азыр бирикпей койду. Бул эмненин белгиси, бийликке болгон ишеним өтө төмөн дегени»

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов жогорудагы пикирлерин блогер Азирет Осмонов менен социалдык тармактардагы түз эфирде билдирген.

Буга чейин мындай пикирин активист Марат Тагаев да билдирген. Ал эл өкмөткө ишенбей калганын, анткени, 2017-жылы Дача-СУ кырсыгында карапайым эл жапа тырмак чогултуп, 100 млн. сомду өкмөттүн колуна карматып, анын отчетун ала албай калганын айткан. Ошол кезде биринчи вице-премьер-министр, азыркы өкмөт башчы Абылгазиев, ошондогу өзгөчө кырдаалдар министри, азыркы вице-премьер Кубатбек Боронов болгонун, алардын отчет бербегенин айткан.

Активист айткандай бул жолу акча так бөлүштүрүлсүн деп түзүлгөн комиссиядан ишин баштабай жатып, бир мүчөсү курамынан чыгып кеткен.

«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова 1-апрелде комиссиянын курамынан чыгуу чечимин кабыл алганын, буга комиссияда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн аздыгы себеп болгонун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды:

 

Эске салсак, 2017-жылы Дача-СУ конушунда авиакырсык болгон. “Манас” аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушунда элден чогулган жардам калыс бөлүштүрүлгөн эмес деп эл нааразы болгон. Алар Өкмөт бөлгөн акча толук берилбей, текши болбогондугун айтып чыгышкан.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт