БийликӨкмөтЭкология

Экологиялык кырдаалды жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде Бишкектеги экологиялык жагдайдын актуалдуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, борбор калаадагы экологиялык кырдаал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айланды.

Өкмөт башчы кыйла көйгөйлүү багыттар боюнча экологиялык жүктөмү азайтуу чараларынын конкреттүү топтому иштелип чыкканын өзгөчө белгиледи.

Абылгазиевдин айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерин киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштыруунун мастштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Премьер-министр экологиялык кырдаал боюнча маселе ар бирибизге тийиштүү, ошондуктан мамлекет тараптан да, экологиялык коомчулуктан дагы жана Бишкек шаарынын тургундарынан да өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.

Анын айтымында, жарандар арасында экологиялык билим менен маданияттын принциптерин пропагандалоо керек.

Булак
ZAMAN
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button