Окуялар

Эки адамды аёосуз сабаган бир туугандар бошотулдубу?

Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эки жаранды катуу сабаган шектүүлөр абакта отурушат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин жарандык активист Адил Турдукулов социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына бир туугандар — 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышев менен 1999-жылы туулган Калысбек Сеитбеков абактан бошотулганы тууралуу жазган.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Шектүүлөр абакта. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат», — деп айтылды маалыматта.


Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 28-августунда Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинчерээк бул беренелер Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн.


2019-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташ боюнча милициянын майору (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. Ал эми 7-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда эки адамды катуу сабаган бир туугандар СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалган. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Окуя 28-августта болсо, 6-сентябрда таң эрте шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү барган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close