Дүйнө

Египетте 13 саясий туткун дагы өлүм жазасына тартылды

Египетте 2013 - жылдагы аскердик соккудан бери түрдүү күнөлөөлөр менен ондогон киши өлүм жазасына тартылды.

Мусулман боордоштор уюмуна жакындыгы менен билинген жана өлкө тышындагы телеканал «Ватандын»  фейсбук баракчасынан берилген кабарда Египетте 13 саясий туткундун дагы өлүм жазасына тартылгандыгы белгиленип, бул кишилердин ысымдары жарыяланды.

13 саясий туткундун өлүм жазасына тартылгандыгы тууралуу маалыматтар Египеттин тышындагы «Мукеммелин» жана «Шарк» сыяктуу түрдүү оппозициячыл топторго таандык телекандарда да орун алды.

«Шарк» каналы өлүм жазасына тартылган 13 киши тууралуу маалымат берип, туугандарынын, жакындарынын сөөктөрдү алуу үчүн борбор шаар Каирдеги Зинхум ооруканасынын моргуна баруулары керектигин билдирди.

Египет расмий мекемелеринен окуя тууралуу маалымат берилген жок.

Египетте 2013 —  жылдагы аскердик соккудан бери түрдүү күнөлөөлөр менен ондогон киши өлүм жазасына тартылды.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт