ВидеоМыйзам жана укук
Маанилүү

“Эгер бизге иштебесеӊ, капка салып дарыяга ыргытып жиберебиз!” Социалдык тармактарга тараган аудио

Журналист Кудрет Тайчабаров өзүнүн Фейсбук баракчасына “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлүбүз деген жарандардын "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясына иштөөгө мажбурлаганы жазылган аудио менен бөлүшкөн. Анда 3-4 адамдын одоно сөгүнгөн сөздөрү “Эгер бизге иштебесеӊ, капка салып дарыяга ыргытып жиберебиз!” деген сыяктуу үндөр жазылган.

«Жегенимдин» агитаторлору шефтери кандай иш алып барса, точно ошондой методду колдонушат:

Баса, өзүн сыйлагандар видеону көрбөй эле койгула, мындай бок оозду укканда кулагыңа бооруң ооруп кетет. Өтө жаман сөгүнүшөт.

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон айылында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын штабындагы өкүлдөрү, жергиликтүү жаштарга кысым кылып, түнү менен үйүнө барып опузалап жатышат. Бул тууралуу басымга дуушар болгон Шералы Бутабаев аттуу жаран билдирди.

Шералы Бутабаев, айылда такси кызматын ачып, кол алдында он чакты баланы иштетет. Ал, 6-сентябрь күнү жолдо бара жаткан учурунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын штабындагы иштеген жигиттер “токто” деп айтышкан. Бутабаев шашылыш кетип бара жаткандыктан, айылдаш балдарынын чакыруусуна токтобой кетип калган. Ошол эле күндүн кечинде, түнкү саат 01:48 убактысында 0704-20 14 хх телефонунан чалышып Бутабаев Шералыны – ӨКМде иштеген Тагаев Эрнис, Атабеков Тыкы жана партиянын штаб башчысы Жуматаев Алмаздар Маданият үйүнүн алдына жолугушууга чакырышат.
Балдардын жакшы эмес ойдо чакырганын алдын-ала түшүнгөн Шералы Бутабаев, телефонунун диктофонун жандырып, чөнтөгүнө салып коюп, сүйлөшүүлөрдүн барын жаздырып алган.

Жолугушууга барган учурда, “эмнеге биз токто дегенде токтобой кетип калдыӊ? Сен балдарыӊ менен биздин партияга өтүп иштеп бер. Башка партиялар эч нерсе кылып бербейт, Асыл бизге мектеп салып берет. (Асыл Анарбаевди айтып жатат, ал Райымбек Матраимовдун колунда, жүк ташуу фирмасында иштейт).Бизге “Мекеним Кыргызстандан” дагы Асыл керек. Асыл бизге баарын кылып берет, түшүнүп жатасыӊбы?! Сенин он балаӊ бар, эртеӊ 11 бала болуп кетпесин. Эгер 11 болуп кетсеӊер онуӊду теӊ тизип коем. Же, тыйыныӊарды чечип берели бизге өткүлө. Шайлоо күнү бизге иштеп, шайлоочуларды ташып иштейсиӊер. Эгерде бизге иштебей, макул болбосоӊ капка салып дарыяга ыргытып жиберем”-деген.
Коркутууга дуушар болгон Шералы Бутабаев, милицияга даттанып, арыз жазды. Учурда үй-бүлөөсү коркунучта экенин, ачык чыгып интервью берсе алар кыйноого ала турганын кошумчалаган.

П.С.: Видеодо жогорудагы текст эле. Просто как она есть сөгүнүүлөрү, коркутуулары менен.
Бул аудиону жегенимчилер любой жерде үгүт иштерин ушундай жүргүзүп атканын далилдеш үчүн эле чыгардым. Мындай сөгүнгөн, коркуткан акмактарды өлкө билиши керек. Лимон примерно кандай иш алып барганын түшүндүрүш үчүн чыгардым.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы: “Эгер бизге иштебесеӊ, капка салып дарыяга ыргытып жиберебиз!”"Жегенимдин" агитаторлору…

Опубликовано Кудретом Тайчабаровым Вторник, 8 сентября 2020 г.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт