Экономика

Депутат: чет өлкөдөн ун көп келип, 3000дей кыргызстандык ишсиз калды

Учурда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.

 Чет өлкөдөн ири көлөмдө буудай алып келингендиктен Кыргызстанда 3000 адам жумушсуз калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев комитеттин жыйынында билдирди.

Ал расмий маалыматтарга таянуу менен 2014-жылы өлкөгө 460 миң тонна ун алып келинсе, анан көлөмү 2018-жылы 800 миң тоннага жеткенин айтты.

Эл өкүлү мунун кесепети Кыргызстандагы жумуш орундарынын азайышына алып келгенин белгилейт.

“Азыркы тапта ун чыгарган атамекендик ишканалар калбай калды. Жалпысынан 3000ге чукул адамды жумушсуздукка алып келди. Алардын көбү чет өлкөгө эмгек мигранты болуп кетүүгө аргасыз болду”, — деди Арапбаев.

Учурда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Депутаттар аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашууда.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close