
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына жактырды.
Ал эми вице-премьер-министр кызматынан кечээ бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлгөн. Ал дагы колдоо тапты.
Э.Сурабалдиева мандатын тапшырганы да кечээ белгилүү болгон.