БийликЖогорку Кеңеш
Маанилүү

«Душка» өзүн Ош шаарынын жаңы мэри деп жарыялады

"Душка" каймана аты менен белгилүү Дүйшөн Төрөкулов өзүн Ош шаарынын мэри деп жарыялады. Ал Таалайбек Сарыбашевдин колунан бийлик өткөрүп алганын айтты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына:

«Мэрдин шаар үчүн жасаган иштерине ыраазы болуңуздар. Алдыда ири долбоорлорду толук ишке ашыруу пландары болчу. Элибизге дагы көп кызмат кылат деген үмүттөбүз. Толугураак маалыматты эртең айтабыз,» — деп жазды.

6-октябрда мэриянын алдына ондогон адам чогулган. Алар Таалайбек Сарыбашовдун мэрлик кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Митингчилер азыр деле тарай элек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт