Дүйнө
Маанилүү

Дональд Трамп Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү

АКШдагы Fox News гезитиндеги жаңылыктарга караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Израиль менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы “тарыхый тынчтык келишимине” кошкон салымы үчүн Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөнү жарыяланды.

АКШдагы  Fox News гезитиндеги жаңылыктарга караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү.

Кабарда  Трамптын Израил менен БАЭнин ортосундагы “тарыхый тынчтык келишимине” кошкон салымы үчүн Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөнү маалымдалган.

Талапкерликти Норвегия парламентинин мүчөсү Кристиан Тибринг-Гжедде сунуш кылды. Норвегия парламентинин мүчөсү болгон Кристиан Тибринг-Гжедде дүйнөлүк машстабда созулуп бара жаткан маселелерди чечүү аракеттеринен улам Трампты мактоого алды.

Өткөргөн бир митингде 2019 Нобель тынчтык сыйлыгын өзү алышы керектигин ишара кылган Трамп буларды айткан : «Силерге Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу бир нерсе айтамын. Бир келишим түздүм жана бир өлкөнү куткардым. Андан кийин Нобель тынчтык сыйлыгын бул өлкөнүн башындагы кишигеберишиптир. Бул тууралуу мен эч нерсе кылган жокмунбу?- дедим. Ооба билесиңер бироу ушундай. Чоң бир согушка тоскоол болдум. Бир канчасына тоскоол болдум».

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button