КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

“Динге ишенгендердин укуктары эске алынбаптыр.” Муфтийдин орун басары жаңы Конституциянын долбоору жөнүндө пикир билдирди

КМДБнын азирети муфтийинин орун басары Кадыр Маликов кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлгандыгына байланыштуу пикирин муфтияттын эмес, өзүнүн атынан айтып жатканын эскерткен.

Ал Конституциянын жаңы долбоорунда бардык конфессиядагы динге ишенген жарандардын укуктары эске алынган эмес деп эсептейт.

“Урматтуу бир туугандар, Кыргызстандын жарандары! Мен ар бириңерге Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары катары эмес, ушул өлкөнүн жараны, ыймандуу адам, окумуштуу катары кайрылгым келет. ЖКнын дубалындагы адамдардын тар чөйрөсү тарабынан иштелип чыккан жана парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлган, жеке мен үчүн, динге ишенген адам катары, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр ансыз деле белгилүү бир кооптонууларды жаратууда. Тилекке каршы, жалпы элдин руханий (диний) баалуулуктарынын ролу жана орду, ошондой эле аларды коргоо жана өнүктүрүү Конституцияда эске алынбай жана эң негизгисин чагылдырбай калган», – деди ал.

Ошондой эле, Кадыр Маликов Конституциянын долбоорун иштеп чыгуучулар элдин руханий жана баалуулук багыттарын эске алышкан жок деп эсептейт.

“Тилекке каршы, Башмыйзамда, анын преамбуласында дагы, Жаратканыбызды, ата-бабаларыбыздын ишениминин руханий дөөлөттөрүн, руханий жана адеп-ахлактык принциптерин коргоого орун жок болчу. Бирок бул өтө маанилүү, анткени негизги көйгөй мамлекеттик түзүлүштүн моделинде эмес, маселе адамда, коомдо, адилеттүүлүк, чынчылдык, жарандардын укуктарынын теңдиги (анын ичинде мусулман коомчулугу) сыяктуу түшүнүктөрдө.

Урматтуу бир туугандар, жаран катары жана динге ишенген адам катары мен сиздерди коомдук талкууга жана Конституциянын айрым беренелери боюнча демилгелерди мындан ары колдоого сунуштоого укуктуумун ” деди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button