БийликДен-соолукКоомӨкмөт
Маанилүү

Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандык жаран Кыргызстанга келди

2020-жылдын 9-мартында Diamond Princess лайнериндеги Кыргыз Республикасынын жараны Бишкекке учуп келди.

Бул тууралуу Саламаттык Сактоо Министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар келээри менен обсервацияга алынды. Абалы канааттандыраарлык, коронавируска текшерүү үчүн тиешелүү анализдер алынды. 2020-жылдын 2-мартында КРнын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттер алгоритмине ылайык, эпидемиологиялык абалы жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдөн келген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары 14 күнгө обсервацияга алынышат.

Эске салсак, аталган жаран 2020-жылдын 15-февралында Токио шаарындагы Аскердик госпиталга жаткырылып, февраль айынын 15инен 29уна чейин медициналык көзөмөлдөн өткөн.

Коронавируска бир нече жолу анализ алынып, жыйынтыгы терс чыккан. 2020-жылдын 29-февралында госпиталдан чыгарылган жана ден соолугу таза экендиги тууралуу маалымкаты бар.

Бүгүнкү күнгө карата республика аймагындагы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, тастыкталган учурлар жок.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close