БийликДен-соолукКоомӨкмөт

Дезинфекция: Бишкектин борбору карантин зонасы болуп, кирүүгө тыюу салынды

Бишкек шаарынын ичинде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу айрым көчөлөр жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта онлайн маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

А.Орозалиевдин айтымына караганда, Бишкектин айрым көчөлөрүнө санитардык зоналар киргизилди.

«Жаш гвардия бульвары, Ахунбаев, Осмонкулов, 7-апрель жана Жибек жолу көчөлөрүнө атайын санитардык зоналар киргизилди. Себеби аталган көчөлөр дезинфекцияланат. Андан кийин башка көчөлөргө чектөө киргизилип, көзөмөл тосмолор коюлат», – деди ал.

Анын айтымында, унаалар жана жөө адамдар киргизилбейт. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, күч органдарынын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн, банк системасынын, азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздаган ишканалардын, фармацевтикалык компаниялардын кызматкерлери киргизилет. Алардын жанында иштеген жеринен маалымат кат жана күбөлүк болушу керек.

(«Эскертүү: бул схема болжолдуу, расмий эмес. Көчөлөр жана посттор картадагы чектерден алыс жайгашкан болушу мүмкүн)

Карантинная зона в Бишкеке

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close