Саясат
Маанилүү

Депутаттардын ат үстүндөгү эстафетасы төраганы ыңгайсыз абалда калтырдыбы?

Жогорку Кеңештин депутаттары «Ат адамдын канаты» аталышындагы эстефета ойноп жатышат. Депутат Канат Исаев » «Ат адамдын канаты» аттуу эстафетаны үзөңгүлөш досум Төрөбай Закировичтен (Торобай Закир Уулу) кабыл алдым. Андан ары Мирлан Бакиров (Мирлан Бакиров) досума узатам» деп жазды.

Рахмат Кубаныч Аманбеков эстафетаны Торобай Закир Уулу мырзага откоздум.

Опубликовано Тазабеком Икрамовым Вторник, 7 апреля 2020 г.

Тазабек Икрамов досумдан Канатбек Исаев досубузга эстафетаны жөнөттүк анда. Баарыбызды Жараткан сактап ,жакшы күндөр эртерээк келсин оомиин.

Опубликовано Торобаем Закир Уулу Вторник, 7 апреля 2020 г.

Төрага баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттарынын жүрүм-туруму байма-бай сынга алынып келет. Маселен, ушул жылдын башында төрага Дастан Жумабековдун ат мине албай жүдөгөн видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынганы маалым.

Спикер Дастан Жумабековдун ат мингени элдин күлкүсүн жаратты

Спикер Дастан Жумабековдун ат мингени элдин күлкүсүн жараттыБулак: Kyrgyz Video

Опубликовано Next TV Среда, 29 января 2020 г.

Бул ирет депутаттардын ат үстүндөгү сүрөттөрүн бөлүшкөн эстафетасы да коомдук тармактын колдоочуларынын арасында түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдары шакабага алып, айрымдары «кыйналып жаткан элди сыйлабагандык» катары баалады. Журналист Токтосун Шамбетов:

«Баарыңар эле сурап атасыңар, «депутаттар эмне кылып атышат»? деп түшүнбөгөндөр үчүн тактоо: фотолор эски бирок, флешмоб жаңы» — деп жазган.

Баарыңар эле сурап атасыңар, "депутаттар эмне кылып атышат"? деп.түшүнбөгөндөр үчүн тактоо: фотолор эски бирок, флешмоб жаңы 🙂

Опубликовано Токтосуном Шамбетовым Среда, 8 апреля 2020 г.

Ал эми акын Улукбек Омокеев бул эстафетага карата төрт сап ыр арнаган:

Эрте бүтсө экен деп эл тиленет,Чыдамдары убакытка бүлөнөт.Дердейишип өткөн күндөн кеп салып,Депутаттар аргымакта чиренет.

Опубликовано Улукбеком Омокеевым Среда, 8 апреля 2020 г.

 

Жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн «Фейсбуктагы баракчасына:

«Депутаттардын ат үстүндө түшкөн сүрөттөрүнүн эстафетасы — кыйналып жаткан элди сыйлабагандык! Баам-парасаттын жоктугу!» — деп билдирүү калтырган.

Жолонбек Абдымомунов аттуу «Фейсбук» колдонуучусу эстафета өткөрүп жаткан депутаттарга төраганын атка мине албай ыңгайсыз абалда калганын эстетти.

Ат минүү боюнча эстафетаңарды кое эле турбапсыңыр да, баягыда эле бирөңөр мине албай суюлуп атат элеңер…

Опубликовано Жолонбеком Абдымомуновым Среда, 8 апреля 2020 г.

Аталган эстафетага катышан депутаттар атка минип түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарда жарыялап жатышат. Эстафатага Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Мирлан Бакиров жана Канатбек Исаев катышты.

 

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт