БийликЖогорку КеңешӨкмөт

Депутат Сулайманов Абылгазиевге: “Эки жыл аралыгында Өкмөттүн ишинен олуттуу жыйынтык болбой келет”

“Эки жыл аралыгында Өкмөттүн ишинен олуттуу жыйынтык болбой келет” деди депутат Алтынбек Сулайманов, бүгүн 12-майда, өкмөттүн 2019-жылга отчётун тармактык комитетте угуу учурунда.

Парламентте конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында өкмөттүн өткөн жылдагы отчету талкууланды.

“Өкмөт мамлекеттин үлүшү менен ишканаларды ачууда. Алардын көпчүлүгү дотацияда турат. Өлкөнү өнүктүрүү программасы жок, республикалык бюджетти экономиканы өстүрүүгө багытталган эмес. Кыргызстан тарыхындагы бир жылдан ашык кызматта олтурган үчүнчү премьер-министрсиз. Эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатканыңызга карабай, ишиңиздин олуттуу жыйынтыгы болбой келет» деди депутат Сулайманов.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close