БийликЖогорку КеңешСаясат

Дастанбек Жумабеков “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барарын билдирди

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы менен барарын Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына берген интервьюсунда билдирди.

“Мен 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам, менин партиям бүгүнкү күндө “Кыргызстан”.  Келечекте Кудайым буюруп насип кылса “Кыргызстан” партиясы менен барам деп айткым келет”, – деген жообун узаткан.

Эске салсак, “Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышаарын жар салышкан.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close