Дүйнө
Маанилүү

Дагестанда 23 жаштагы кыз үйлөнүү той күнү толкундануудан улам көз жумган

Дагестанда 23 жаштагы кыз үйлөнүү той күнү толкундануудан улам көз жумганын НТВ тергөө комитетинин аймактык бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Окуя Дагестандын Мургук айылында болгон. Кыз үйлөнүү той болчу күнү аябай тынчсыздангандыктан, дары ичкен, бирок абалы начарлап кеткен. Келин ооруканага жаткырылганына карабастан дарыгерлер ага жардам бере алышкан эмес. Учурда тергөө алдындагы текшерүү жүргүзүлүп жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кыз бала кезинен жүрөк оорудан жабыркап жүргөнү белгилүү болду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт