Дүйнө

Дүйнөнүн эң кары адамы 118 жашка чыкты

Япониялык эң узак жашаган адам, 2018-жылдын 22-июлунан бери Жердеги эң кары адам аталган Кейн Танака бүгүн, 2-январда 118 жашка чыкты.

Танака 1903-жылы 2-январда Казуки айылында туулган. Кейн Кумакити менен Кума Отанын сегиз баласынын жетинчиси болгон. Ал мезгилинен эрте төрөлгөн ымыркай болгон.

Өткөн жылдын ноябрь айында Япониянын «Майнити симбун» гезити: «Жердин эң кары адамы 2021-жылдын май айында өтүүчү Токио оюндарынын олимпиадалык факел эстафетасына катышуусу керек», — деп жазган.

11-майда коляскада отурган Танаканы факел менен 200 метр аралыкты басып өтөт деп пландап жатышат. Танака 2020-жылы боло турган эстафетага катышмак. Бирок эстафета пандемияга байланыштуу токтотулган болчу

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт