Экология
Маанилүү

Дүйнөнүн билинген эң узун жаныбары океандын түбүнөн табылды.

Илимпоздор Австралиянын түндүк  — батышындагы Нингалу жээгинде  билинген эң узун жаныбардын табылгандыгын билдиришти.

«Livescience» интернет сайтында орун алган кабарга караганда «Фалкор» кемеси менен океанга изилдөө үчүн чыккан деңиз биологдору Нингалу жээгине  жакын океан каньонунда 45 метр узундуктагы бир «синофорду» табышты.

«Зоид» деп аталган кичинекей жандуулардын биригиши менен башка бир органдарды пайда кылган, жип түрүндөгү  бул жаныбар синофор деңиз түбүндө спираль түрүндө жайылган.

Иликтөөчүлөр  жаныбарлар категориясынын ичинде класска бөлүнгөн эң узун жандуу болгон сифонорлордун ушул күнгө чейин билинген мисалдарынын эң көп 40 метрге жеткендигин, бул жаңы табылган түрдүн эң узун синофор жана эң узун жаныбар экендигин белгилешти.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт