Дүйнө

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 31 млн адамдан ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 31 млн 32 миң 45 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Илдетке АКШда 6,8 млн, Индияда 5,4 млн, Бразилияда 4,5 млн, Россияда 1 млн адам кабылган. Ал эми Казакстанда 107 миң 307 адам, Өзбекстанда 51 миң 789 киши коронавирус жуктурган.

Аталган оорудан дүйнөдө 960 миң 729 жаран көз жумган. Алардын ичинен АКШда 199,5 миң, Бразилияда 136,8 миң жана Индияда 87,8 миң адам кайтыш болгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button