Дүйнө
Маанилүү

Дүйнөдө COVID-19 жуккандар 2 миллион адамга жакындады

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 115 миң 286га жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 864 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 430 миңден ашты.

[coronavirus-jh-dashboard height_px=»800px»]

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 1 миң 508ге көбөйүп 22 миң 116га жетти. 530 миңден ашуун киши да вирусту жуктуруп алган өлкөдө Нью-Йорк 8 миң 650 өлүм жана 18 миң бейтап менен тизменин башында турат. «Теодор Рузвельт» атындагы учак кемесинде 1 аскер Ковид-19 пандемиясында каза болуп, кемедеги жуктуруп алгандардын саны 550дөн ашты.Кемеси 27-мартта Гуам аралына адаттагыдай портко учураганда кемеде Ковид-19ду жуктуруп алгандардын аныкталышы үчүн карантинге алынган болчу. АКШда вирустун айынан ооруканага жаткырылган 45-65 жаш курактарынын арасындагы бейтаптардын 10дон бирөөнүн каза тапкандыгы аныкталды.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 431ге көбөйүп 19 миң 899га жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 102 миңден ашты.

Испанияда вирустун айынан 24 саатта 517 киши көз жумуп жалпы 17 миң 489га жетти.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 561ге өсүп 14 миң 393кө жетти. Вирус аныкталган киши саны болсо 132 миң 591 болду.

Англияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 717ге көбөйүп 11 миң 329 деп катталды, ооруну жуктуруп алгандардын саны 4 миң 342ге өсүп 88 миң 621ге жеткен өлкөдө бүгүн мөөнөтү толо турган  карантиндин узартылышы күтүлүп жатат.

Германияда акыркы 24 саатта 126 киши көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны 123 миң 16га жогорулады.

3 миң 903 киши каза тапкан Бельгияда 30 миң 589 киши вируска чалдыкты.

Жаңы Зеландияда 5 адам каза тапты, 1 миң 349 кишиде вирус аныкталды.

Коронавирус 61 кишинин өмүрүн алган Австралияда 6 миң 322 киши ооруга чалдыкты.

Нидерландияда каза тапкандардын саны 2 миң 823кө, вирусту жуктургандардын саны 26 миң 551ге жетти.

Балкан өлкөлөрүндөгү көрсөткүч төмөнкүчө:

Сербияда 85/4 миң 54, Черногория 3/273, Албания 23/467, Хорватия 50 / 1 миң 650, Словения 55 / 1 миң 212, Румыния 318/6 миң 633, Греция 98/2 миң 114, Босния-Герцеговина 39 / 1 миң 30, Түндүк Македония 38/854, Болгария 31/676, Косово 8/362

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт