ОкуяларСаясат

“Чыпалак баатыр”: “Депутат болсом коррупционерлерге өлүм жазасын орнотом!” (ВИДЕО)

“Чыпалак баатыр”, “21-кылымдын Кожомкулу”, “Күчмен” каймана аттары менен белгилүү болгон блогер Зарылбек Аликенов 2020-жылдагы шайлоого катыша тургандыгын айткан эле. Эми ал жакында “Күчмен” деген саясий партия түзгөндүгүн айтты жана партиясына кошулууга өзүн патриот эсептеген жарандарды чакырды. Ошондой эле ал шайлоо алдындагы өзүнүн программасын интернеттеги баракчаларына жазып чыгып, үгүт иретинде тартылган видеоролигин жарыялады.

“Азыртадан аракет кылып баштадым шайлоого. Мени шайлайм, тандайм деген патриот жигит-кыздар болобу, “фанаттарым”, канаттарым болобу, иши кылып мага ишенгендер менин катарыма кошулгула. Башка “кандидаттарды” шайлабагыла демекчимин!

Бир гана мен силер менен бирге Кыргызстанды өнүктүрөм. Мага жардам берем дегендер болсо көзүмө көрүнгүлө. Туура жазган жазуучу, акылдуулар болсо мага кошулгула ээ. Мен өткөндө өзүм ойлоп таап, жазган 5 мыйзамым менен эле келем. Бүт Кыргызстанды бутка тургузам. Мага ишенгиле демекчимин!

Көңүл бургула мага!

Шайлоо жакындап келатат. Менин элим, “канат-фанаттарым” баарыңар ойгонгула! Менин жаныма катар-катар тизилгиле. Мени колдоп шайлагыла демекчимин!

Бүгүнтөн баштап күч топтоп, акыл топтоп аракет кылалы ээ.

“Күчмен” – саясий күч!

Башка партияларга ишене көрбөгүлө. Бир гана мага ишенгиле!

5 кадам эң негизги:

  1. Чек ара жерлер бүт чечилип тосулат, бекемделип. “Кыргыздын жерлери эч кимге берилбейт, сатылбайт” деп Конституция жагына жазылат, мыйзам болуп.
  2. Метро, ылдам жүрчү поезддер курулуп, туризм үчүн бүт жагынан өнүгүп баштайт.
  3. Өздүк өндүрүш жагыбыз өнүгүп, бизнес болобу, завод-фабрикалар курулуп, жумуш орундар элиме берилип, элим бай болуп жашап баштайт.
  4. Коррупция же ууру, чыккынчылар үчүн өлүм жаза, катуу тартип орнотуп баштайм.
  5. Кыргызстан тил, маданият, тарых, өнөр, илим-билим жагынан бириняи орунга чыгат демекчимин!
Толугу менен
Back to top button